Кафедранын тарыхы.
Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн 1963-жылы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын орто билим берүү министрлигинин чечими менен Фрунзе политехникалык институтунун Ош шаарында Ош жалпы техникалык факультети түзүлгөн.
1976-жылы ФПИнин Оштогу жалпы техникалык факультетинде инженер-куруучуларды даярдоо үчүн “Курулуш өндүрүшү” кафедрасы түптөлгөн. Ал кафедранын башчысы болуп, т.и.к., доцент Акматов Сарыбай дайындалган. Кафедранын алдына кыска убакытта окуу процессин калыптандыруу үчүн окуу-лабораториясынын базасын түзүү маселеси коюлган.
1977-жылдын аягында кафедранын окуу-лабораториясы түзүлүп, бардык дисциплиналар боюнча сабактардын өтүлүүсүнө толук мүмкүнчүлүктөр уюштурулган. СССРдин бардык аймактарынын жардамы менен окуу китептери, приборлор жана окуу каражаттары жагынан камсыз кылуу ишке ашырылган.
1979-жылы “Курулуш өндүрүшү” кафедрасы алгачкы “инженер-куруучу” деген адистиктеги бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. С.А. Акматовдун кафедра башчысы болуп иштеген учурунда, багыттуу билим берүүчү система түзүлгөн жана инженер-куруучуларды тынымсыз даярдоо башталган.
Кадрдык түзүмдү бышыктоо үчүн 1979-1980-жылдары кафедрага төмөнкү окутуучулар чакырылган:
Цой А.В., Куликов А.Н., Куликова Л.П. ж.б. Кафедра жогорку даражадагы кадрларды даярдоо үчүн аспирантурага, борбордук ЖОЖдорго жана алдыңкы илимий-изилдөө институттарына Маруфий А.Т., Орозбеков М.О., Бахридинов М., Акматов С.Э., Зулпуев А.М., Борбоев А.М., Калчороев А.К. ж.б. жөнөтүлгөн. “Курулуш өндүрүшү” кафедрасынын базасында төмөнкү кафедралар өз алдынча бөлүнүп чыккан:
1984-жылы «Колдонмо механика», 1991-жылы «Өнөр жай жана атуулдук курулуш”, 1991-жылы «Инженердик конструкциялар», 1998-жылы «Пайдалуу кендердин геологиясы», 2000-жылы «Автомобиль жолдору жана аэродромдор”, 2000-жылы «Архитектура, дизайн жана графика» . 2001-жылы «Өнөр жай жана атуулдук курулуш” жана «Инженердик конструкциялар» кафедралары биригип, “Курулуш өндүрүшү” кафедрасы деп алгачкы аталышындай аталып калган. Кафедра түзүлгөндөн баштап кафедра башчысы болуп 1976-1994-жылдары “Курулуш өндүрүшү” кафедрасына т.и.к., ОшТУнун профессору Акматов Сарыбай Акматович; 1994-2001-жылдары «Өнөр жай жана атуулдук курулуш” кафедрасына т.и.к., доцент Акматов Сагынбай Эрменбай тегин; 1992-1997-жылдары «Инженердик конструкциялар» кафедрасына т.и.к., доцент Сеитов Болот Мукаевич; 1997-2000-жылдары «Инженердик конструкциялар» кафедрасына т.и.к., ОшТУнун профессору Акматов Сарыбай Акматович; 2000-2004-жылдары “Курулуш өндүрүшү” кафедрасына т.и.к., доцент Калчороев Алмаз Качканакович; 2004-жылдын февраль айынан баштап 2006-жылга чейин т.и.к., доцент Шабданов Муса Добулович; 2006-жылдан 2019-жылга чейин “Курулуш өндүрүшү” кафедрасын т.и.д., профессор Сеитов Болотбек Мукаевич башкарган. Кафедра түзүлгөндөн баштап 7000ге жакын инженер-куруучуларды чыгарды, алар эл чарбасынын ар тармактарында эмгектенип жатышат:
“Курулуш өндүрүшү” кафедрасынын 60 жылдык тарыхында илимий- изилдөө иштерин даярдаган жана техника илимдеринин кандидаты даражасын коргогон окумуштуулар: А.В. Цой, А.Т. Маруфий, М.О. Орозбеков, С.Э. Акматов, М.Б. Бахридинов, А.М. Зулпуев, А.М. Борбоев, А.Ч. Калчороев, У.А. Аданбаев, М.Д. Шабданов, С.Д. Дуйшөев, А.Б. Курбанбаев, Джусуев У.С., А.С. Мамытов, Э.С. Рысбекова, ошондой эле техника илимдеринин доктору даражасын коргогондор: М.О. Орозбеков, Б.М. Сеитов, А.Т. Маруфий жана А.М. Зулпуевдер.
Кафедра төмөнкү ЖОЖдор менен тыгыз байланышта: Москва Мамлекеттик курулуш университети, Санкт-Петербург Мамлекеттик архитектура-курулуш университети, Казакстан башкы архитектура-курулуш академиясы, Волгоград курулуш жана архитектура академиясы, Кузбаск техникалык университети, Томск курулуш-архитектура академиясы, Фергана политехникалык институту, Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз – Россия Славян университети ж.б. Азыркы кезде “Курулуш өндүрүшү” кафедрасы төмөнкү квалификациялык адистерди даярдайт:
- Өнөр жай жана атуулдук курулуш;
- Имараттарды долбоорлоо.
Кафедранын мүчөлөрү тарабынан 50 дөн ашык окуу-усулдук көрсөтмөлөр жана 30дан ашык электрондук варианттагы лекциялар иштелип чыгып, даярдалган. Мындан сырткары КРнын билим берүү министрлигинин грифи менен 3 окуу китеби жана 1 монография чыккан. Кафедрада 2 т.и.д., профессор, 3 т.и.к., доцент, 7 магистр, 6 ага окутуучу, 3 окутуучу жана окуу көмөкчү кызматкерлер эмгектенишет. 2016-жылы ОшТУнун магистратура бөлүмү менен биргеликте 750500 “Курулуш” багыты боюнча магистратура ачылган. Азыркы учурда магистранттар билим алып жатышат. Көз карандысыз программалык аккредитациядан өтүп, анын чечими менен бул багытка 5 жылга лицензия берилген.
Магистратура:
- 750500 – Имараттардын жана курулмалардын теориясы жана аларды долбоорлоо.
Аспирантура:
- 01.02.04 –Деформациялануучу катуу телолордун механикасы;
- 05.23.01 – Имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкциялары;
- 05.23.05 – Курулуш материалдары жана буюмдар.
Докторантура:
- 05.23.01 – Имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкциялары;
- 05.23.05 – Курулуш материалдары жана буюмдар.
“Курулуш өндүрүшү” кафедрасынын максаты
- Мезгил талабына ылайык, атаандаштыкка жөндөмдүү кесиптик билим берүүнүн негизинде сапаттуу адистерди даярдоо.
- Алган билимдерин, билгичтиктерин жана ык- машыгууларын курулуш өндүрүшүндө жана ишмердүүлүктө колдоно ала турган курулуш багыты боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.
- Курулуш тармагы боюнча эл аралык ийгиликке жана таанылууга жетишүү.
Кафедранын иш- аракетининин негизги максаты – адистик боюнча жалпы билим берүү программасын, атайын адистик боюнча сабактардан кесиптик билим берүү менен бирге, илимий- техникалык өнүгүүгө, инженердик, өндүрүштүк, интеллектуалдык, маданий жана моралдык жактан жогорку деңгээлгэ жооп берген инсандын талабын канааттандыруу.
Профессордук- окутуучулук курамдын окуу- усулдук жана педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү;
- окутуунун технологиясын өнүктүрүү, жаңы инновациялык технологияны жана материалдык- техникалык базаны киргизүү менен студенттердин жекече кесиптик чыгармачылык потенциалын, алардын кошумча мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;
- инженердик, колдонмо илимдерди жана архитектуралык- курулуш технологияларын, окутуу процессинде алынган жыйынтыктарды колдонуунун натыйжасында профессордук- окутуучулук курамдын, илимий- педагогикалык жактан иштегендердин жана студенттердин чыгармачылык иш- аракеттерин өнүктүрүү;
- жогорку билими бар адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо, ошондой эле илимий- педагогикалык кадрлардын жогорку квалификациясы боюнча магистр, илимдин кандидаттарын жана докторлорун даярдоо;
- сабактан тышкаркы убакта студенттердин арасында тарбиялоо иштерин өткөрүү.
Кафедранын жалпы илимий багытынын тематикасы – сейсмикага туруктуу курулуш. Белгиленген тематика боюнча кафедранын мүчөлөрү илимий изилдөө иштерин төмөнкүдөй темалардын үстүндө иштеп келишүүдө:
- Көп кабаттуу каркастуу имараттардын эң жогорку горизонталдык сейсмикалык күчтөргө туруктуулугун аныктоонун усулдарын иштеп чыгуу.
- КРнын түштүк аймагындагы жергиликтүү сырьелук ресурстарды колдонуп, дубал керамикалык материалдарын чыгарууну изилдөө.
- Көп кабаттуу каркастуу имараттардын колонналарынын акыркы стадияда жүк көтөрүү жөндөмдүүлүгүн жоготуу ыктымалдуулугун изилдөө жана иштеп чыгуу.
- Жергиликтүү сырьелук ресурстарды колдонуунун негизинде алынган темирбетон конструкцияларынын көпкө чыдамкайлыгын жана ишенимдүүлүгүн изилдөө жана иштеп чыгуу.
- Күн энергиясын колдонуу менен чогултулган темирбетон конструкциясын өндүрүүнүн комплекстик технологиясын иштеп чыгуу.
Перечень документов:
- НББП
- Иш план
- Бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат
- Практика боюнча маалыматтар
- Келишимдер
- Окутуунун максаты жана жыйынтыгы
- Абитуриенттер боюнча маалымат
- Иш берүүчүлор менен кызматташтык
- Окуу план
- Материалдык-техникалык база
- Илимий-изилдөө иштери
- Тарбиялык иштер боюнча маалымат
- Башка ЖОЖдор менен кызматташтык
- Эл аралык жана республикалык долбоорлор
- Кафедранын жетишкендиктери боюнча маалымат
Кафедранын профессордук – окутуучулук курамы жөнүндө маалымат
Кошмамат уулу Калысбек – кафедра башчысынын м.а., магистр, ага окутуучу
Тел.: 0551 67 86 67
Email: Kalysbek@mail.ru
Шабданов Муса Добулович – т.и.к., профессор
Тел.: 03222 43559, 0558 235868
E-mail. shabdanovmusa-66@mail.ru
Джусуев Уметали Султанович – т.и.к., доцент.
Тел.: 0779484055
E-mail: Umetali67@mail.ru
Зулпуев Абдивап Момунович – т.и.д., профессор.
Тел.: 0779527664
Жолдошов Белек Муратович – т.и.д., профессор
Тел.: 0558 11 99 54
E-mail:belek0365@mail.ru
Акимжанов Алмамат – т.и.к., доцент
Тел.: 0773184434
Айтиев Мыктыбек Арапбаевич – ага окутуучу
Тел.: 0771437563
Исмаилова Нурийла Токобаевна – улук окутуучу
Тел.: 0773 – 252067,
E-mail: nuryla6767@mail.ru
Турганбаев Омар Мажитович – ага окутуучу
Тел.: 0772687525
Салиева Минавар Гуламидиновна – улук окутуучу
Тел.: 0779 38 92 84
Email: minavar.salieva74@mail.ru
Турдажиева Элнура Номановна – магистр, улук окутуучу
Тел.: 0779 45 77 28
Email: turdajieva78@mail.ru
Абдуллаев Уланбек Душабаевич – магистр, ага окутуучу
Тел.: 0779 52 80 49
E-mail: ulan-123@inbox.ru
Иранова Нуризат Аданбаевна – магистр, окутуучу
Тел.: 0778 48 22 74
E-mail: nuri0688@gmail.com
Шамшидин уулу Дайырбек – магистр, окутуучу
Тел: +996 773 131 893
E-mail: daiyrbek_18@mail.ru
Казакова Каныкей Кочкорбаевна – инженер
Тел.: 0773436529
E-mail: kanikey_kazakova@mail.ru