Академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледж
Саадалов Төлөнбай Ысманович
Кызмат орду: Директор
Илимий даражасы: Физика-математика илимдеринин кандидаты
Уюлдук телефону: (0773410225),
электрондук почтасы: saadtol_68@mail.ru
ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи 2004-жылдын февраль айында Окумуштуулар кеңешинин чечими жана ректордун 2004-жылдын 22-апрелиндеги №09-04/140 буйругунун негизинде жогорку билим берүү базасынын астында кесиптик орто билим берүү программалары боюнча адистерди даярдап чыгуу үчүн ачылган.
Колледждин миссиясы: «Кыргыз Республикасынын өндүрүш дараметин жана экономикасын көтөрүүгө жарамдуу болгон жогорку деңгээлдеги теориялык жана практикалык жөндөмү бар, Эл чарба тармактарын өнүктүрүүдө атаандаштыкка туруктуу, бийик инсандык сапатка ээ адистерди даярдоо».
Гуманитардык-технологиялык колледж ОшТУнун структуралык бөлүгү болуп эсептелет. Окуу жайда илимдин кандидаттары жана жогорку тажрыйбалуу окутуучулар сабак беришет. Студенттер ОшТУнун материалдык-техникалык базасында, илимий-лабораторияларында, окуу залдарында билим алышат. Колледждин бүтүрүүчүлөрү компьютерди колдонуучу мамлекеттик башкаруу органдарында, программалык камсыздоону иштеп чыгуучу жана колдонуучу, эсептөө техникасын оңдоо жана тейлөө боюнча адистештирилген ишканаларда, программа менен жабдуу, маалыматтар базасын түзүү керек болгон түрдүү менчиктеги мекеме-ишканаларда, электр тармактарында, автомобиль унааларын ондоо жана аларды техникалык жактан тейлөө борборлорунда, радио электрондук жана телерадио нурларын кабыл алуучу аппаратуралар түзүмдөрүндө, жеңил өнөр-жай тармактарында, орто мектептерде жана орто кесиптик окуу жайларда, тоо-кен иштетүүчү ишканаларда жана «Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» министрлигине караштуу бардык түзүмдүк курамдарында иштей алышат.
Колледждин түзүмү
ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин курамына төмөнкү кафедралар жана секторлор кирет:
- «Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер» кафедрасы;
- «Информатика, программалоо жана байланыш» кафедрасы;
- «Мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер» кафедрасы;
- «Математика жана статистика» кафедрасы;
- «Кийимдерди тигүүнүн технологиясы жана дизайны» кафедрасы;
- «Экономика» кафедрасы;
- «Энергетика» кафедрасы;
- «Автотранспорт» кафедрасы;
- «Геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук» кафедрасы;
- «Курулуш» кафедрасы;
- «Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык» кафедрасы;
- Химия жана химиялык технологиялар сектору;
Окутуу контрактык негизде, негизги жалпы билим боюнча (9-класстын базасы) жана жалпы орто билим берүүнүн(11-класс) базасында окуунун күндүзгү жана сырттан окутуу формалары боюнча жүргүзүлөт.
Гуманитардык-технологиялык колледжи төмөнкү адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдайт:
• 040101. Социалдык иш (квалификациясы – социалдык кызматкер);
• 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу (квалификациясы – юрист);
• 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) (квалификациясы-бухгалтер);
• 080106. Каржы (тармактар боюнча) (квалификациясы – финансист);
• 080501. Менеджмент (тармактар боюнча) (квалификациясы – менеджер);
• 080601. Статистика (квалификациясы – экономист);
- Котормо иши (квалификация- котормочу);
• 210406. Байланыш тармактары жана коммутация системалары (квалификациясы – техник);
• 230109. Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо (квалификациясы – техник-программист);
• 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча) (квалификациясы – техник-программист);
• 230108. Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча) (квалификациясы –компьютердик системалар боюнча техник);
• 220206. Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (квалификациясы – техник); - Компьютердик системаларды программалоо (квалификация- техник- программист);
• 260903. Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы (квалификациясы –модельер-конструктор);
• 070602. Дизайн (тармактар боюнча) (квалификациясы –дизайнер);
• 130403. Ачык тоо-кен иштери (квалификациясы – тоо-кен техник-технологу);
• 280105. Өзгөчө кырдаалда коргонуу
(квалификациясы – техник);
• 140212. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) (квалификациясы – техник-электрик);
• 140206. Электр станциялары, тармактары жана системалары (квалификациясы – техник-электрик);
• 110302. Айыл чарбасын электрификациялоо жана автоматизациялоо (квалификациясы – техник-электрик);
• 140208. Электр берүү линияларын куроо жана эксплуатациялоо (квалификациясы – техник-электркуроочу);
• 270208. Инженердик курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо (квалификациясы – техник);
• 270103. Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо (квалификациясы – техник);
• 270206. Автомобиль жолдорун, аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо
(квалификациясы – техник);
• 270301. Архитектура (квалификациясы – техник);
• 190604. Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо (квалификациясы – техник);
• 190701. Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу (квалификациясы – техник);
• 190503. Унаанын электр жабдыктарынын эксплуатациясы жана автоматикасы (квалификациясы – техник-электр-механик);
• 240404. Нефти жана газды кайра иштетүү (квалификациясы – техник-технолог);
• 110305. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (квалификациясы – технолог);