БИ негизги миссиясы– студенттердин жана жаңы иш баштаган ишкерлердин коомдун керектөөлөрүнө дал келген ишкердик жана инновациялык көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Бизнес-инкубатордун ишмердүүлүгү ОшТУнун бизнес-билим берүү борбору жана студенттердин ишкердигин колдоонун “платформасы” катары брендин түзүүгө, ошондой эле студенттердин бүтүрүүчүлөрдүн, мугалимдердин жана өнөктөштөрдүн коомчулугунда ишкердик мамилелерди өнүктүрүүгө багытталат.
Максаттары:·
- Таланттуу, демилгелүү жаштарды аныктоо жана колдоо;·
- Студенттердин жана мугалимдердин инновациялык ишмердүүлүгүн активдештирүү;·
- Инновациялык чөйрөдө кадрдык потенциалды чыңдоо;·
- Илимий жана илимий-техникалык иштин натыйжаларын коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү;·
- Окуу процессин өркүндөтүү, окуутуунун жаңы формаларын ишке киргизүү жолу менен жаш адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу.
Негизги маселелер:
- ЖОЖдун студенттеринин ишкердик активдүүлүгүнө көмөктөшүү жана тиешелүү көндүмдөрдү калыптандыруу;
- Университетте билим берүүнүн практикалык компонентин чыңдоо, студенттер үчүн бизнести башкаруу чөйрөсүндө колдонмо билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү;
- Студенттерге жаңы бизнести түзүүнүн жана рынокту башкаруунун практикалык көндүмдөрүн үйрөтүү, тажировка жана тренингдерди өткөрүү;
- Университеттин окутуучуларына бизнес-билим берүү тармагында кесиптик тажрыйбаны жана билимди колдонуу мүмкүнчүлүгүн жеткирүү;
- Университеттин бүтүрүүчүлөрү менен студенттеринин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү;
- Окуу процессинде жана чарбалык келишимдик иш-чараларда инновацияларды жайылтуу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, инновациялык ишканалар жана мекемелер менен өнөктөштүктү күчөтүү.
Инкубатор студенттик бизнес-долбоорлордун демилгечилерине төмөнкү багыттар боюнча жардам берет:
- Бизнес-идеяларды стратегиялык талдоо;
- Бизнес долбоорлорду даярдоо боюнча консалтинг;
- Бизнес долбоорлорду баалоо жана эксперттик кеңешке презентация даярдоо;
- Финансылык ресурстарды табууда жана тартууда маалыматтык жардам көрсөтүү;
- Бухгалтердик эсеп жана юридикалык аутсорсинг (зарыл болсо);
- Бизнес үчүн маркетингдик колдоо;
- Коворкинг аянты менен камсыз кылуу:
- Инвестициялык форумдарга катышууга даярдык.
Бизнес-инкубатор менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташуунун эң маанилүү багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Бизнес-долбоорлордун студенттик демилгечилери үчүн мастер-класстарды жана тармактык консультацияларды өткөрүүгө бүтүрүүчүлөрдү тартуу аркылуу насаатчылыкты өнүктүрүү;
- Эксперттик кеңештин ишине бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу, анын функцияларына даяр бизнес-долбоорлорду баалоо жана аларды коммерциялаштырууга сунуштоо кирет;
- Студенттик стартаптарды каржылоо жана узак мөөнөттүү келечекте венчурдук фонд түзүү үчүн бүтүрүүчүлөрдү тартуу;
- Бүтүрүүчүлөрдүн бизнес-кейстеринин негизинде иштелип чыккан студенттик долбоорлорго сынактарды өткөрүү;
- Корпоративдик тренингдерди өткөрүү жана бүтүрүүчү компанияларга консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- Бүтүрүүчүлөргө ОшТУнун бизнес чөйрөсүндө кардар базасын түзүүгө жана бизнес өнөктөштүктү түзүүгө көмөк көрсөтүү.