Дуйнолук тилдер кафедрасынын кыскача тарыхы
1971–жылдын 7-ноябрында Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинин №347/2 буйругу менен ФПИнин кечки факультетинде коомдук илимдер жана тилдер кафедрасы түзүлгөн.
Кафедранын башатында филология илимдеринин доктору, проф. Зулпукаров К.З., ф.и.д., проф. Тагаев М.Д., ф.и.д., проф. Трофимов М.И., доцент Сейитбекова С.С., ф.и.к., доц. Кемелдинова Л.М., улук окутуучу Сококова З.С., улук окутуучу Камчыбекова Б.С. жана ф.и.к. доц. Кулубекова А.О. сыяктуу тажрыйбалуу окутуучулар жана илимпоздор жетектеп келишкен.
2019-жылдын октябрь айынан тартып “Чет тилдер” кафедрасын доцент К.Т. Тургунбаева жетектеп келген. Илимий – педагогикалык жалпы стажы 30 жылды түзөт. 2023 жылдын 13 февралында откон № 15 административдик кенештин чечиминин буйругунун негизинде чет тилдер кафедрасынын аталышы “Дүйнөлүк тилдер” кафедрасы болуп, орус тили багыты ушул кафедрага кошулган. Учурда кафедраны ф.и.к. профессор М.Дж. Сагыналиев жетектеп келүүдө.
Кафедранын курамы:
Сагыналиев Мурзабек Джусупбекович ф.и.к. профессор, каф.башчы
0996773818200
Тургунбаева Канымжан Турдумаматовна – м.а.доцент
0996773738540
кanymjan1961@gmail.com
Жаныбекова Бактыгул Ашымовна – доцент
Janibekovabaktygul1965@gmail.com
Кадырбердиева Бусалима Матазовна улук окутуучу, магистр,Ph -изилдөөчү
996 778799704
kbusalima@gmail.com
Зикирова Чынаркан Абдылдаевна улук окутуучу
0755006969
Chynara70@mail.ru
Капарова Клара Маматибраимовна доцент м.а.
Kaparova.klara@mail.ru
Хабибуллаева Назгул Зулумбековна улук окутуучу, магистр, Ph -изилдөөчү
996772911931
nazgul1204@icloud.com
Муратова ЭлмираКочкоровна ага окутуучу
muratova29.71@gmail.com
Халилила кызы Элиза окутуучу, аспирант
996553504900
Elizabeth_93@mail.ru
Иманалиева Миргуль Калыбековна башкы адис, Америкалык ресурстук борборунун жетекчиси
(0773) 98 -30-65
imanalievamirgul1@gmail.com
Ботоярова Марал Асанбаевна, лаборант, аспирант
0774507000
maral.botoyarova.83@mail.ru
Лим Ён Шиг улук окутуучусу, корей тили магистри. Корей тили маданий борборунун директору
0772341004
isaak-3@hanmail.net
Ким Бу Гил улук окутуучу, корей тили окутуучусу
0777583950
tbtex6743@gmail.com
Лим Джон Хва улук окутуучу, корей тили окутуучусу
0775275887
oshgrace@gmail.com
Ян Сяофын окутуучу, кытай тили окутуучусу
0779332299
Кафедранын ишмердигинин негизги багыттары:
Окуу процессине жаны технологияларды активдуу жайылтуу, окуу процессин окуу усулдук иштелмелер менен камсыздоо, студенттердин билим сапатына дайыма контролдук кылуу;
- Окутуунун сапатын жогорулатуу учун компьютердик технологияны колдонуу менен окутууда традициялык эмес усулдарды жайылтуу,
- окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу жана жарыялоо, илимий теориялык конференцияларга катышуу, кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу.
Кафедранын уюштуруу иштери
Окутуучулардын жылдык окуу жуктому окуу жылынын башында окуу процессинин планынын негизинде, студенттердин контингентинин жана сааттарды бөлүштүрүүнормаларынын негизинде жүргүзүлөт. Бул иштер кафедранын жана усулдук секциянын кенешинде талкууланып бекитилет, окутуучулардын жекече иш пландарында чагылдырылат. Бардык окуу иш пландары, ачык сабактын жана өз ара сабака кирүү графиктери, окутуучулардын дужурствосу окуу жылынын башында түзүлөт. Кафедранын кенеши түзүлгөн график боюнча өтүлөт.
Кафедранын окуу, окуу-усулдукиштери.
Кафедра төмөнкү багыттар боюнча системалуу түрдө изденүүлөрдү жүргүзөт: лингвистикалык эмес жождордо чет тилдерин окутуунун методикасын өркүндөтүү;
Окуу процессин уюштуруунун заманбап методдору жана формалары; кеп коммуникациясын оптималдаштыруу, чет тили сабагында окуу жана жазуу аркылуу критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү. Бул багыттар азыркы этапта чет тилин окутуунун негизги максатын ажооп берет – адисти өз адистиги боюнча баарлашууга үйрөтүү.
Кафедрада 11 штаттык окутуучу, лаборант жана башкы адис, 4 сырттан айкалыштырып иштеген чет элдик окутуучулар бар жана университеттеги бардык тилдик эмес адистиктердин кундузгу жана дистанттык бөлүмдөрүнө англис, орус, кытай, корей жана немец тилдери боюнча тейлейт. Башкача айтканда ‘Англис тили’ жана ‘Экинчи чет тили’ дисциплиналары боюнча сабак беришет. Сабактар Кыргыз Республикасынын билим берүү министирлиги тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик үлгүнүн, ага ылайыкталган типтүү программалардын жана окуу пландарынын талаптарына ылайык түзүлүп бекитилген жумушчу программалар жана силлабустардын негизинде өтүлөт. Практикалык сабактар учун адистиктер боюнча англис тилинен 10 дон ашык окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыккан. Окутуучулар өздөрунүн кесиптик-усулдук билимдерин өркүндөтүү боюнча шаардык ЖОЖдор аралык, регионалдык ар түрдүү усулдук семинарларга, курстарга б.а. English Teachers Assosiation, Osh Forum CentreKg TESOL; Japan Assosiationfor LT – Osh OSPU –SU centres; Багытkg – окуу борбору, Силезия Технологиялык университети, Гливице шаары, Польша, Эрасмус + мобилдүүлүк проектисинин алкагында, Наманган мамлекеттик гуманитардык чет тилдерин институту менен тажрыйба алмашуу усулдук илимий-практикалык семинарларга катышып өз ара тажрыйба алмашып келүүдө.
Кафедранын илимий-изилдөө жана усулдук иштери
Кафедранын илимий –изилдөө жана усулдук иштери төмөндөгү багыттар боюнча иш алып барат:
- Дуйнолук тилдерин (орус, англис, кытай, корей, немец) окутууда студенттердин коммуникативдик компетенциясын калыптандыруу учун педагогикалык шарттар;
- Англис, орус, корей жана кытай тилдерин инновациялык усулдарды колдонуу менен үйрөтүү;
- Окуу процессинде интерактивдүү технологияларды колдонуу;
Учурда акыркы жылдардын маалыматы боюнча 60ка жакын илимий макала жарык көргөн. Кафедранын окутуучулук-профессордук курамы ар жылы илимий макалаларын УАКтын тизмесине кирген алдыңкы илимий журналдарына жана басылмаларына жарыялашат.
Кафедрада 1 ф.и.доктору, 1 ф.и. кандидаты, 3 доцент, 2 PhD-изилдөөчү, 2 магистр,
4 аспирант бар.
Кафедранын тарбиялык иштери
Тарбиялык иштер окуу процесси аркылуу ишке ашырылат.
1.Студенттер менен түрдүү темаларда окуу процесси менен байланышкан, англис тилдүү өлкөлөрдүн маданияты жөнүндө үзгүлтүксүз баарлашууларды жүргүзүү, тегерек столодорду өткөрүү. 2. Даталуу күндөрдө ар кандай иш чараларды англис тилинде өткөрүү.
Кафедранын материалдык-техникалык базасы
Кафедрага төмөндөгү окуу кааналары жана тил борборлору бекитилген:
- 2/318 англис тили каанасы– 1 проектор, 1-компьютер
- 2/319 орус тили каанасы – 1 компьютер, 1 принтер
- 2/317 англис тили каанасы – 1 компьютер
- 2/316 орус тили каанасы
- 2/320 англис тили каанасы – 1 проектор, 1 принтер
- 2/320а орус тили каанасы – 1 компьютер, 1 принтер
- 2/220 англис тили каанасы – 1 компьютер
- Америка маалымат-ресурстук борбор
- Корей тили маданий борбору
- Кытай тили борбору
Мындан сырткары окуу кааналары практикалык сабактар учун адистиктер боюнча окуу-усулдук колдонмолор, грамматикалык таблицалар, дидактикалык материалдар, ошондой эле окутуучулардын жекече окуу-методикалык комплекси менен камтылган.