Ош технологиялык университетинин аспирантура бөлүмү тарабынан илимий- педагогикалык кадрларды даярдоо КРнын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бекитилип берилген Номенклатуранын негизинде 26 илимий адистиктер боюнча иш аракетин жүргүзүп келет.
Ош технологиялык университетинин аспирантурасынын адистиктер боюнча тизмеси
к. № | Шифр | Адистиктердин аталышы | |
1. | 05.02.18 | Машиналардын теориясы жана механизми | |
2. | 03.02.08 | Экология | |
3. | 05.13.18 | Математикалык моделдештирүүнүн теориялык негиздери, эсептелген ыкмалар жана программанын топтому | |
4. | 05.23.11 | Транспорттук тоннелдерди жана көпүрөлөрдү,аэродромдорду,метрополитендерди,жолдорду курулуштарды долбоорлоо | |
5. | 05.14.08 | Энергиянын кайра улантуучу түрлөрүнүн негизинде энергияны орнотуу | |
6. | 05.23.01 | Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар | |
7. | 05.23.05 | Курулуш материалдары жана буюмдары | |
8. | 05.19.04 | Тигүү буюмдардын технологиясы | |
9. | 05.23.17. | Курулуш механикасы | |
10. | 05.23.08. | Курулушту уюштуруу жана анын технологиялары | |
11. | 05.22.10 | Автомобилдик транспортторду эксплуатациялоо | |
12. | 05.13.11 | Эсептөөчү машиналарды, комплекстерди жана компьютердик байланыштарды математикалык жана программалык камсыздоо | |
13. | 05.13.01 | Тутумдук талдоо,башкаруу жана маалыматты иштеп чыгуу | |
14.
|
13.00.01 | Билим берүүнүн жалпы педагогикасы жана педагогиканын тарыхы | |
15. | 08.00.05 | Экономика жана эл чарбасын башкаруу | |
16. | 13.00.02 | Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана усулу | |
17. | 05.23.21
(18.00.02) |
Имараттардын жана курулуштардын архитектурасы. Архитектуралык ишмердүүлүтүн чыгармачылык концепциясы | |
18. | 05.23.20
(18.00.01) |
Архитектуранын тарыхы жана теориясы, тарыхый мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо | |
19. | 05.05.06 | Тоо кен машиналары | |
20. | 05.20.01 | Айыл чарба механизациясынын каражаттары жана технологиясы | |
21. | 10.02.20 | Салыштырма-тарыхый,типологиялык жана салыштырма тил илими | |
22. | 05.14.02 | Электрэнергетикалык системалар жана электрстанциялары | |
23. | 05.0101 | Компьютердик графика жана инженердик геометрия | |
24. | 25.00.11 | Геология,катуу пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо,минерагения | |
25. | 01.01.02 | Дифференциалдык теңдемелер,динамикалык системалар жана оптималдуу башкаруу | |
26. | 07.00.02 | Кыргызстан тарыхы |
Ош технологиялык университетинин аспирантурасы1993-жылы ачылган(ОК №1,29.09.93-ж. чечими).Аспирантура ачылганда бир илимий адистик боюнча ачылган,ал 08.00.05 Экономика жана эл чарбасын башкаруу.
Кийинки жылдары жаңы адистиктер кошулуп аспиранттардын саны дагы көбөйгөн. ОшТУнун биринчи аспиранттары:т.и.д.,проф.Абидов А.О.,гегр.и.д.,проф.,э.и.д.,Низамиев А.М.,т.и.к.,доц. Жорокулов Д.,т.и.к.,доц.Токтогулов,э.и.к.,доц.Жусубалиева А.,т.и.к.,доц.Дүйшеев.С., т.и.к.,доц. АттокуровУ.Т.,т.и.к.,доц.Сайдаматов Ш.,ж.б.
1996-жылы окуган аспиранттардын саны 35 болсо,бүгүнкү күндө 643 жеткен.
Азыркы учурда аспирантурада 54 адам окуйт,анын ичинде 17 күндүзгү бөлүмдө, 37 сырттан.
ОшТУда аспирантурага кабыл алуу кафедралардан түшкөн табыштаманын, сунуштаманын жана талапкерлердин арызынын негизинде кабыл алынат.
Аспирантура окутуу күндүзгү жана сырткы окутуу формалары менен жүргүзүлөт.
Аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окуу мөөнөтү -3 жыл, сырттан окуу бөлүмүндө – 4 жыл.
1996-жылдан 2022-жылга чейин ОшТУнун аспиранттары жана изденүүчүлөрү тарабынан 187 диссертациялар жакталган,анын ичинде 23 докторлук,164 кандидаттык.
Аспирантуранын бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө университетте ийгиликтүү эмгектенүшүүдө. Булар:Н.Т.Танаков,А.Аширбаева,А.К.Атабеков,Ж.А.Кедейбаева,Н.Ташиев,М.Д.Шабданов,М.К.Алдашев,М.Ж.Абдиев,Д.А.Жорокулов,Ы.К.Аматов,Р.Ыдырысов,З.А.Тешебаева,ж.б.
Ош технологиялык университеттин аспиранттарына жана изденүүчүлөрүнө жогорку квалификациялуу адистер, илимдин докторлору жана кандидаттары илимий жетекчилик кылышат жана ошондой эле башка жогорку окуу жайлардан жана илим изилдөө институттарынан илимий жетекчилике тартылган.
Аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн диссертацияларына жетекчилик кылган активдүү илимий жетекчилер:э.и.д.,проф.Ташбаев,э.и.к.,доц.Атабеков,т.и.д.,проф.Маруфий А.Т.,ф-м.и.д.,проф. Сатыбаев А.Дж.,э.и.д.Низамиев А.Н.,ф-м.и.д., проф.Ташполотов Ы.,т.и.к.,доц. Джусуев.,ж.б.
ОшТУнун аспирантура бөлүмү аспирантардын жеке иш пландарынын аткарылышын контролдойт жана чет тили, тарых, илимдин философиясы кандидаттык минимум экзамендерин уюштурат жана өткөрөт.
2018-жылдын 16- июлундагы №327 КРда илимий –педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинин Жобосуна ылайык (40-берене) аспиранттарды даярдоо программасына “Педагогикалык чеберчиликтин мектеби” жана” Илим изилдөөнүн методу жана методологиясы” аттуу курстар окуу планына киргизилип, өтүлүп турат жана аспирантураны бүткөндө сертификатка тиркеме катары окутулган адистиктер менен баалары жазылат.
Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы З.Токтомаматова
ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректор,а-ч.и.д.,доцент Н.Т.Танаков