
Ош технологиялык университетинин ректорунун 2001-жылдын 16-мартындагы №7-01/344 буйругу менен Курулуш факультетинин “Курулуш өндүрүшү” кафедрасынын курамында “Архитектура, дизайн жана графика” сектору уюштурулган. 2004-жылдын 8-октябрында ОшТУнун ректорунун №09-04/319 буйругу менен “Архитектура, дизайн жана графика” кафедрасы түзүлгөн.
Азыркы учурда кафедраны т.и.к., доцент Рысбекова Элмира Сатаровна жетектейт. Архитектура, дизайн жана графика кафедрасы Ош технологиялык университетинин 2-окуу корпусунун 2/106 каанасында жайгашкан. Кафедра 750100 Архитектура жана 750200 Архитектуралык чөйрөнүн дизайны багыттары боюнча жогорку квалификациядагы бакалаврларды даярдайт. Күндүзгү окуу мөөнөтү – 5 жыл.
Жогорку квалификациялык бакалаврларды даярдоодо «Архитектура, дизайн жана графика» кафедрасы регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыктары, долбоорлоо мекемелери менен тыгыз байланышта кызматташат.
Кафедранын билим берүү ишмердүүлүгү: Студенттерге билим берүүдө, алардын көз карашын, чыгармачылык идеяларын ишке ашырууда архитекторлор үчүн устакананын жардамы менен зор ийгиликтерди жаратууга шарт түзгөндүктөн, устаканасы бар мекемелер менен келишимдер түзүлгөн: Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын устаканасы жана ЖЧК “ Зодчий”.
Кафедранын курамы Кафедрада, учурда 750100- Архитектура жана 750200 – ДАС багытындагы мыкты адистери даярдоодо бир илимдин кандидаты, доцент, 2 ага окутуучу, 2 магистр, 4 КРнын Архитекторлор союзунун мүчөсү, эки КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, бир ага лаборант жана, тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенет.750100 – Архитектура жана 750200 – Архитектура адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу бакалаврларды даярдоо үчүн кафедрада учурда бир техникалык илимдердин кандидаты, бир доцент, 2 улук окутуучу, 2 магистр, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун 4 мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун эки мүчөсү, бир улук лаборант жана тажрыйбалуу мугалимдер иштейт.
Рысбекова Элмира Сатаровна
Билими: жогорку, Томск мамлекеттик архитектуралык-курулуш академиясы, 1996-ж.
Адистиги: Өнөр жай жана атуулдук курулуш: имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын кафедра башчысынын милдетин аткаруучусу
Окумуштуу даражасы: 05.23.17 – “Курулуш механика” адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаты (2016 – жыл)
Окумуштуу наамы: Доцент (2022 – жыл)
Сыйлыктары: Ош Технологиялык Университетин үч ардак грамотасы, Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы, Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы, Кыргыз республикасынын илим жана билим кызматкерлеринин борбордук профсюз комитетинин ардак грамотасы, ОшТУнун калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн төш белги, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси.
Негизги жарык көргөн эмгектери: 50дөн ашык илимий макалалар жарыяланган (Scopus-1, РИНЦ РФ – 7, РИНЦ КР-11), 7 окуу көрсөтмөсү жана 3 окуу куралы (КР Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү басылган 2 окуу куралы), 6 автордук укук күбөлүгү (Кыргызпатент).

Алишов Айбек Адилбекович
Билими: жогорку, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, 1998-ж.
Адистиги: Архитектуралык чөйрөнүн дизайны.
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын ага окутуучусунун м.а., Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун мүчөсү.
Сыйлыктары: Ош Технологиялык Университетинн ардак грамотасы, Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы.
Негизги жарык көргөн эмгектери: 8 илимий макала, 3 усулдук колдонмо жарык көргөн.
Турдуев Мамашарип Мурзабаевич
Образование: жогорку, Ош мамлекеттик университети, 1999-ж.
Специальность: сүрөт тартуу жана эмгек мугалими
Должность: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасын
ага окутуучусу
Сыйлыктары: Ош Технологиялык Университетинин ардак грамотасы
Негизги жарык көргөн эмгектери: 5 илимий макала.
Жылчиев Сатар Сарыбаевич
Образование: высшее, Ошский государственный университет, 1999 г.Специальность: сүрөт тартуу жана эмгек мугалими
Должность: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын ага окутуучусунун м. а., Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, магистр
Сыйлыктары: Ош Технологиялык Университетинин ардак грамотасы, Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы, Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы.
Негизги жарык көргөн эмгектери: 10 илимий макала
Абдимомунова Гулбара Өсөрбаевна
Билими: жогорку, Ош мамлекеттик университети, 2009-ж.
Адистиги: Сүрөтчү-стилист
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын ага окутуучусу.
Сыйлыктары: Ош Технологиялык университетинин ардак грамотасы, Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы, Ош облусунун профсоюзунун ардак грамотасы
Негизги жарык көргөн эмгектери: 10 илимий макала, 2 усулдук колдонмо

Назарова Айжана Нурмаматовна
Билими: жогорку, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, 2008-ж.
Адистиги: Архитектуралык чөйрөнүн дизайны
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун мүчөсү
Сыйлыктары: Ош технологиялык университетинин Ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы
Негизги жарык көргөн эмгектери: 9 илимий макала жана 4 усулдук колдонмо.

Мамадалиев Мирланбек Аскаралиевич
Билими: жогорку, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, 2013-ж.
Адистиги: Архитектуралык чөйрөнүн дизайны
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун мүчөсү
Сыйлыктары: Ош технологиялык университетинин Ардак грамотасы, Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы
Негизги жарык көргөн эмгектери: 9 илимий макала жана 1 усулдук колдонмо

Токтобеков Самарбек Каримович
Билими: жогорку, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, 2013-ж.
Адистиги: Архитектуралык чөйрөнүн дизайны
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун мүчөсү
Сыйлыктары: Ош технологиялык университетинин Ардак грамотасы, Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы
Негизги жарык көргөн эмгектери: 10 илимий макала.

Раимжанова Диана Суюнбековна
Билими: жогорку, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, 2015-жыл
Адистиги: Имараттарды долбоорлоо
Кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусу
Сыйлыктары: Ош технологиялык университетинин Ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы
Негизги басылмалары: 11 илимий макала жана 2 усулдук колдонмосу жарыяланган

Алибеков Султанбек Эгемкулович
Билими: жогорку, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, 2012-ж.
Адистиги: Архитектуралык чөйрөнүн дизайны
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусунун милдетин аткаруучу

Кадырбекова Айчурок Калмаматовна
Образование: жогорку, Томск мамлекеттик архитектуралык- курулуш университети, 2016-ж.
Специальность: Өнөр жай жана атуулудук курулуш
Должность: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусунун милдетин аткаруучу

Паязова Барчын Исраиловна
Билими: жогорку, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, 2013-ж.
Адистиги: Архитектуралык чөйрөнүн дизайны
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусунун милдетин аткаруучу

Каримжанова Гульнара Хамидовна
Образование: жогорку, Кыргыз техникалык университети, 1993-ж.
Адистиги: инженер-технолог
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусу, Архитектура жан курулуш институнун аялдар кеңешинин төрайымы
Сыйлыктары: Ош технологиялык университетинин Ардак грамотасы, Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы.
Суйоркул кызы Бермет
Билими: Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университети
Адистиги: Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын чыгаруу.
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусу.
Байланыш каражаттары:
Байланыш номери: +996 (777) 10 30 23 (w/a, telegram)
E-mail: erkulova2203@gmail.com
Бектемирова Майрамкан Акбийовна
Билими: М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университети.
Адистиги: Өнөр жай жана атуулудук курулуш
Ээлеген кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окуу устаты.
Окумуштуу наамы: Магистр (2020 – жыл)
Жарык көргөн эмгектери: 11 илимий макалалары жарык көргөн.
Байланыш каражаттары:
Байланыш номери: +996 (553) 77 05 01 (w/a, telegram)
E–mail: bmamaia77@gmai.com

Нурпазыл кызы Венера
Билими: орто, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, 2017-жыл
Адистиги: кийимдерди долбоорлоо, моделдөө жана тигүү технологиясы
Кызматы: Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын ага лаборанты.
Кафедранын илимий-изилдөө иштери
Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын илимий-изилдөө иштери анын окуу жана илимий-методикалык иштеринин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана заманбап архитектураны өнүктүрүүгө, ошондой эле архитектуранын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.
Кафедранын негизги изилдөө темасы: “Тарых, теория, материалдар жана конструкциялар контекстиндеги архитектуралык долбоорлоо”, ал заманбап архитектураны аймактын уникалдуу сейсмикалык, климаттык жана маданий чөйрөсүнө ылайыкташтырууга багытталган, тарыхый мурастарды сактоону экологиялык жактан таза материалдарды жана жер титирөөгө туруктуу курулуштун алдыңкы ыкмаларын колдонуу менен айкалыштырат. Тема улуттук өзгөчөлүктү заманбап талаптар менен айкалыштырган ыңгайлуу, коопсуз жана маданий жактан таза чөйрөнү түзүүгө багытталган. Бул илимий теманын алкагында кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана аспиранттары Кыргызстандын түштүк аймагынын архитектурасын жакшыртууга багытталган талдоо жана изилдөө иштерин жүргүзүү менен тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана түбөлүккө калтырууга өзгөчө көңүл бурууда. Архитектура, дизайн жана графика кафедрасы жогорку сапаттагы окутуучулар курамы менен айырмаланат. Кафедрада 1 т.и.к., доцент, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрт мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун эки мүчөсү жана эки магистр эмгектенет. Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын жогорку квалификациялуу окутуучулары эстетикалык жактан жагымдуу, функционалдык жана коопсуз имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жөндөмдүү квалификациялуу бакалаврларды (архитекторлорду жана архитектектор-дизайнерлерди) даярдап чыгарышат. Кафедранын жогорку илимий потенциалы профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин илимий долбоорлорго, эл аралык жана республикалык көргөзмөлөргө жана конференцияларга активдүү катышуусуна, ата мекендик жана эл аралык илимий журналдарга жарыяланышына түрткү берет.
Кафедранын окуу-усулдук иштери
Ар бир программанын багыты боюнча негизги билим берүү программасы (ООП) , бүтүрүүчүнүн модели, жумушчу окуу планы, студенттердин жеке окуу планын түзүү үчүн элективдүү курстардын каталогу иштелип чыккан жана бул билим берүү документтери ички жана тышкы кароодон өтүп, иш берүүчүлөр тарабынан бекитилген. Кафедрага бекитилген бардык дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстер иштелип чыгып, өркүндөтүлүп жатат. Кафедрада жогорку сапаттагы билим берүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн: компьютердик класс, заманбап технологиялар менен жабдылган адистештирилген класстар, электрондук китепкана жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. Кафедранын китепканасында адистештирилген дисциплиналар боюнча 100дөн ашык окуу куралдары жана окуу китептери бар.
Материалдык-техникалык база
750100 – Архитектура жана 750200 – ДАС багыттары боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн кафедранын төмөнкү окуу-материалдык базасы бар: лекциялык жана практикалык сабактары өтүү үчүн 9 аудитория (2/101, 2/201, 2/225, 2/314, 1/115, 2/117, 2/118) жана 1 компьютердик класс (2/203).
