Факультеттин тарыхы
XXI кылым – кибернетика, телекоммуникация жана маалыматтык технологиялар кылымы.
Маалыматтык коомго өтүүнүн эң маанилүү шарты – бул компьютердик технологиялар жана байланыш жаатында да, аларды кесиптик ишмердүүлүгү чөйрөсүндө колдоно алган адистерди даярдоо. Маалыматтык тармактарды өнөр жай ишканаларына, соода структураларына, айыл чарбасына жана медицинага жайылтуу алардын ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү болуп саналат.
Кыргызстандын түштүгүндө биринчи жолу ОшТУнун Маалыматтык технологиялар факультетинин базасында төмөнкүлөр ачылды: 1992-жылы – ” Эсептөө техникалары жана автоматташтырылган системаларды программалар менен камсыздоо, (ПОВТАС)”, 1994-жылы – ” Маалымат технологиялар жана башкаруу.
(IT) “, 1997-жылы -” Байланыш түйүндөрү жана телекоммуникация системалары ).Кибернетика жана маалымат технологиялар факультети ОшТУнун окумуштуулар кеңешинин 2000-жылдын 31-мартындагы № 6 п. 21- чечими менен жогорку квалификациялуу программисттерди, байланышчыларды жана схемотехниктерди даярдоо максатында ачылган.
Факультеттин ишмердүүлүгү
Кибернетика жана маалымат технологиялар факультети башка жогорку окуу жайлар менен илимий жана окуу-методикалык жактан тыгыз байланышта. Мисалы: Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети., Кыргыз-Орус Славян университети, Москва техникалык байланыш жана информатика университети, Ташкент мамлекеттик техникалык университети, Кузбасс мамлекеттик техникалык университети жана башкалар.жана башкалар.
Факультетте билим алып жатышкан студенттердин билимин өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында регионалдык мекеме-ишканалар менен өз ара тыгыз байланышып келишимдер түзүлгөн. Алар «Кыргызтелеком» ААК ООФ, ЮРУС ОАО РПО РМТР, уюлдук оператор ООО «Sky Mobile» (торговая марка Beeline), MegaCom (ЗАО «Альфа Телеком»), мобилдик оператор О!, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалы ишканаларынын окуу лабороториялык базаларында өткөрүлөт.
Адистерди даярдоодо кафедрада лабораториялык, практикалык жана илимий-изилдөөчүлүк иштеринин бардык түрлөрүн жүргүзүү үчүн материалдык-техникалык база менен камсыздалган. Заманбап өлчөөчү аппаратуралар, эсептөө техникалык каражаттары, өнөр жай системасындагы приборлорунун түрлөрү, түзүлүштөрдү жана системаларды үйрөнүү, изилдөөлөргө керектүү болгон атайын каражаттар менен жабдылган лабораториялар бар. жана башка жоопкерчилиги чектелген мекеме-ишканалар.
Жогоруда аталган ишканалардын жана мекемелердин өндүрүштүк базалары эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин негизинде студенттер үчүн практикалык, лабораториялык сабактарды, окуу-өндүрүштүк практикаларды өткөрүүдө пайдаланылат.
Факультет бүгүнкү күндө
Факультеттин курамындагы 4 кафедрада 40 тан ашык профессордук-окутуучу курам жана окуу-көмөкчү кызматкерлер эмгектенишет.
- Эсептөө техникалары жана автоматташтырылган системаларды программалар менен камсыздоо,
- Маалымат технологиялар жана башкаруу.
- Байланыш түйүндөрү жана телекоммуникация системалары.
- Компьютердик лингвистика.
Профессордук-окутуучулук курамдын арасында илимдин докторлору, профессорлор, илимдин кандидаттары, доценттер, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерлер, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары, КРнын билим берүүсүнүн отличниктери эмгектенишет.
Факультеттин жетекчиси жана кызматкерлери:
Сайдаматов Шайырбек Мурзаевич
Билими: Жогорку, Харьков радиоэлектроника институт 1993-жыл
Адистиги: Электр приборлору
Ээлеген кызматы: Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы
Окумуштуулук даражасы: техника илимдеринин кандидаты, 2000-ж.
Окумуштуулук наамы: доцент, 2004-ж.
Негизги жарык көргөн эмгектери: 50 дон ашык илимий макалалардын жана окуу-усулдук куралдардын автору
Квалификациясын жогорулатуу: 2008, 2014, 2017ж. Бишкек, Ош.
Байланыш маалыматтары: жумушчу телефон номери: 03222 4-34-06, моб. 0554120086, эл. почта saidamatov65 @mail.ru
Матисаков Жоомарт Кубатбаевич
Билими: Жогорку, Ош мамлекеттик университети, 2001-жыл
Адистиги: Физика
Ээлеген кызматы: Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин күндүзгү окуу бөлүмү боюнча декандын орун басары.
Негизги жарык көргөн эмгектери: 10 дон ашык илимий макалалардын жана окуу-усулдук куралдардын автору
Квалификациясын жогорулатуу: Жаш окумуштуулардын жана окутуучулардын кесиптик көндүмдөрүн жакшыртуу. 2018-ж. Ош шаары
Байланыш маалыматтары: 0551772901, 0772843842
Турдубаева Жылдыз Алимбековна
Билими: Жогорку, Ош мамлекеттик университети, 2010-жыл
Адистиги: Байланыш тармактары жана коммуникация системалары, Юриспруденция
Ээлеген кызматы: Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин илим боюнча декандын орун басары.
Окумуштуулук наамы: Техника илимдеринин кандидаты 2019ж.
Негизги жарык көргөн эмгектери: 10 дон ашык илимий макалалардын жана окуу-усулдук куралдардын автору
Квалификациясын жогорулатуу: Жогорку окуу жайларында билим берүүнүн инновациялык технологиялары, 2018-ж. Ош шаары
Байланыш маалыматтары: 0551322662 jyldyzt8787@mail.ru
Рыскулова Айгул Ыдырысовна
Билими: жогорку, ОшМУ
Адистиги: Физика
Ээлеген кызматы: Сырттан окуу бөлүмүнүн методисти
Байланыш маалыматтары: 0551348940
e-mail: aigulr@mail.ru
Алмамбетова Жанылай Максымовна
Билими: жогорку,ОшТУ
Адистиги: Финансы жана кредит
Ээлеген кызматы: Күндүзгү окуу бөлүмүнүн методисти
Байланыш маалыматтары: 0555828945
e-mail: janylai79@mail.ru