Факультеттин тарыхы
Архитектура жана курулуш факультети Ош технологиялык университетинин негиздөөчү факультети, башкача айтканда башаты болуп эсептелет.
Инженер-куруучуларды, механиктерди жана электриктерди даярдоо максатында 1963-жылы Ош шаарында Фрунзе политехникалык институтунун кечки окутуу формасындагы жалпы техникалык факультети ачылган.
1976-жылы жалпы техникалык факультет Ош кечки факультети болуп өзгөргөн.
1979-жылы окутуунун кечки формасындагы биринчи инженер-куруучу бүтүрүүчүлөр бүтүрүп чыгышкан.
1988-жылы Ош кечки факультети Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу факультети болуп өзгөртүлгөн.
1990-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу факультети өз алдынча жогорку окуу жай катары Ош жогорку технологиялык колледжи болуп түзүлгөн.
«Өнөр жай жана атуулдук курулуш» адистигинин күндүзгү окуу бөлүмүнө 1988-жылы, ал эми 1991-жылы сырткы окуу бөлүмүнө биринчи студенттер кабыл алынган.
Курулуш, транспорт жана энергетика багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында 1991-жылы Инженердик факультети ачылган.
1996-жылы «Курулуш» багытындагы адистиктерди даярдоо максатында Инженердик-курулуш факультети болуп түзүлгөн.
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн эки баскычтуу системасына өткөндүгүнө байланыштуу факультетте “Курулуш” жана “Архитектура” багыты боюнча адистерди даярдоо максатында 2016-жылдын 29-мартында факультеттин аталышы “Архитектура жана курулуш” факультети болуп өзгөртүлгөн
1979-жылдан баштап факультет 5 миңден ашуун жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгарды. Бүгүнкү күндө алар Кыргызстанда, ошондой эле, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эл чарбачылыгынын ар кайсы тармактарында үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Факультеттин негизги максаттарынын (миссиясы) бири болуп профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге жакшы шарттарды түзүү менен бирге жогорку билим берүүнүн эң жакшы традицияларынын классикалык системасын сактоо жана билим берүүнүн эл аралык стандарттарына жооп берүүчү жогорку сапаттагы адистерди даярдоо болуп эсептелет.
Факультеттин ишмердүүлүгү
Архитектура жана курулуш факультети башка жогорку окуу жайлар менен илимий жана окуу-методикалык жактан тыгыз байланышта. Мисалы: Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз-Орус Славян университети, Москва инженердик-курулуш институту, Фергана политехникалык институту, Томск архитектуралык-курулуш университети, Кузбасс мамлекеттик техникалык университети жана башкалар.
Азыркы учурда Ош технологиялык университетинин архитектура жана курулуш факультети Кыргызстандын түштүгүндө жогорку квалификациялуу куруучуларды, архитекторлорду, долбоорлоочуларды жана жолчуларды даярдоо боюнча жалгыз факультет болуп саналат.
Факультетте билим алып жатышкан студенттердин билимин өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында регионалдык мекеме-ишканалар менен өз ара тыгыз байланышып келишимдер түзүлгөн. Алар: Түштүк стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология курулуш борбору, Ош облустук жана шаардык, архитектура жана курулуш башкармалыгы, шаар курулуш, Ошгипрострой, Ошгосархстройнадзор, Асфальт заводу, Ош шаардык жол-эксплуатациялык башкармалыгы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы жана башка жоопкерчилиги чектелген мекеме-ишканалар.
Жогоруда аталган ишканалардын жана мекемелердин өндүрүштүк базалары эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин негизинде студенттер үчүн практикалык, лабораториялык сабактарды, окуу-өндүрүштүк практикаларды өткөрүүдө пайдаланылат.
Факультет бүгүнкү күндө
Факультеттин курамындагы 4 кафедрада 48 профессордук-окутуучу курам жана окуу-көмөкчү кызматкерлер эмгектенишет.
«Курулуш өндүрүшү» кафедрасы – (1976-ж)
«Колдонмо механика» кафедрасы – (1984-ж).
«Автоунаа жолдору жана аэродромдор» кафедрасы –(1998-ж).
«Архитектура, дизайн жана графика» кафедрасы –(2001-ж).
Профессордук-окутуучулук курамдын арасында илимдин докторлору, профессорлор, илимдин кандидаттары, доценттер, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерлер, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары, КРнын билим берүүсүнүн отличниктери, СССРдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын архитекторлор жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү эмгектенишет.
Азыркы күндө факультетте төмөнкү багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистер жана магистрлер даярдалып жатат:
750100 “Архитектура” багыты
750200 “Архитектуралык чөйрөнүн дизайны” багыты
750500 “Курулуш” багыты
Профилдер:
- Өнөр жай жана атуулдук курулуш;
- Имараттарды долбоорлоо;
- Автоунаа жолдору жана аэродромдор
Факультетте жалпысы болуп 1263 студент, алардын ичинен 368 студент күндүзгү, ал эми 895 студент сырткы окуу бөлүмдөрүндө, магистратурада 32 магистрант билим алып жатышат.
Терен жана сапаттуу билим алуу үчүн студенттерге жана магистрлерге керектүү болгон бардык шарттар түзүлгөн (сүрөт чийүү, долбоор жасоо үчүн атайын кабинеттер, заманбап лабораториялар, компьютердик класстар, мастерскойлор ж.б.).
Бүгүнкү күндө Архитектура жана курулуш факультети Кыргызстандын түштүгүндөгү “Курулуш” жана “Архитектура” багыты боюнча жогорку квалификациялуу инженерлерди жана архитекторлорду даярдаган жалгыз факультет болуп саналат.
Деканаттын курамы
Джусуев Уметали Султанович – факультеттин деканы, т.и.к., доцент
Тел., 03222 4-35-59, моб. +996 779 484 055
e-mail: Umetali67@mail.ru
Абдуллаев Уланбек Душабаевич – окуу иштери боюнча декандын орун басары
тел. +996 772 672 226
e-mail: ulan-123@inbox.ru
Раимжанова Диана Суюнбековна – окуу иштери боюнча декандын орун басары
тел. +996 700210177
e-mail: raimjanova.diana@mail.ru
Мамадалиев Мирланбек Аскаралиевич – тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары
тел. +996 557 094 494 w/a, telegram
e-mail: mirlanbek0511@mail.ru
Каримжанова Гульнара Хамидовна – күндүзгү окуу бөлүмдүн методисти
тел. +996 777 471 968
Иманалиева Венера Артыкбаевна – сырткы окуу бөлүмдүн методисти
тел. +996 777 572 000