Кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларынын алдында жаңы кылымдын компетенттүү адис-педагогдорун даярдоо жана иштеп жаткан педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, усулдук жана илимий иштерди жандандыруу.
«Кесипке окутуу» багытына, «Интерьер жана жабдуулар» адистигине болгон талап абдан жогору. Жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо процессинде, жогорку квалификацияга ээ болгон педагогдор курамынын болуусу республика үчүн абдан маанилүү. Кесиптик – техникалык билим берүү окуу жайларынын алдында жаңы кылымдын педагогдорун даярдоо жана иштеп жаткан педагогдордун квалификациясын жогорулатуу проблемасы турат. Экономикалык реформалардын шарттарында кесипке окутуунун педагогу багытына жана интерьер дизайн адистигине социалдык заказ жогору болгону сезилүүдө. Аталган багыттын бүтүрүүчүлөрү жалаң эле инженердик жана педагогикалык тармактар боюнча теориялык билимдерге гана ээ эмес, белгилүү кесип боюнча көндүмдөргө жана билгичтиктерге ээ болушат. Интерьер – бул көп функционалдуу адис. Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү жалпы техникалык жана тандап алынган кесиптик тармактардын окутуучусу, өндүрүштүк окутуунун мастери, кесиптик лицейлерде, коллеждерде, жогорку окуу жайларында, жалпы билим берүү мектептеринде, дизайн-цехтерде, өндүрүштүк жана жеке өндүрүш тармактарында эмгектене алышат.
Азыркы мезгилде М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университети «ХХI кылымдын кадрлары», «Билим» улуттук программаларынын жана билим берүү жөнүндөгү закондордун негизинде, түштүк региондорунда жогорудагы адистикке болгон талаптарды эске алып, табигый-техникалык факультетинин базасында түзүлгөн 550800 «Кесипке окутуу» багытындагы бакалаврларды жана 570021 “Интерьер жана жабдуулар” адистигине ээ болгон жогорку квалификациялуу кадрларды даярдайт.
550800 «Кесипке окутуу» багытындагы жана 570021 “Интерьер жана жабдуулар” адистигинин күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө бюджеттик жана контрактык негизде студенттер билим алууда.
550800 «Кесипке окутуу» багытындагы бакалаврларды даярдоо жыл сайын 25 орун менен камсыздалат, анын ичинде 15 орун бюджеттин негизинде кабыл алынат.
Кафедранын тарыхына кайрылсак 1989-жылы август айында Кыргыз ССРнин Эл агартуу министрлигинин буйругунун негизинде Ош педагогикалык институтунун базасындагы «Жалпы техникалык сабактар жана эмгек» (окуу мөөнөтү 5 жыл, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмү) адистиги Фрунзе политехникалык институтунун Ош факультетинин курамына кафедра, жалпы профессордук-окутуучулук курам, күндүзгү окуу бөлүмүнөн 250 студент, сырттан окуу бөлүмүнөн 56 студент которулган.
1990-жылы кафедра «Эмгекке окутуунун усулу» деп аталып, андан кийин 1991-жылы «Эмгекке окутуу» кафедрасы деп өзгөртүлгөн. Кафедраны профессор п.и.к., Дударев Е.С жетектеп турган.
1994-жылы кафедранын курамына «Инженердик графика» кафедрасы кошулуп «Кесипке окутуу жана инженердик графика» деп аталган.
1998-99 жж. кафедра университеттин бардык адистиктерине психология жана педагогика предметтерин окута башташкан.
2003-жылы кафедранын аталышы «Инженердик педагогика» деп өзгөртүлдү.
2008-жылы кафедра «Кесипке билим берүүнүн технологиясы» деп аталган.
1994- жылдары кафедра башчысы болуп профессор, п.и.к., Е.С.Дударев эмгектенген.
1995-жылдан 2001-жылга чейин кафедраны т.и.к., доцент Аттокуров У.Т. жетектеп турган.
2004-2008-жылдары х.и.д. проф., Жолдошев Б.М. кафедранын жетекчиси болуп дайындалган.
2008-жылдан 2021-жылга чейин кафедраны ф-м.и.к., доцент Алдашов М.К. жетектеп келген.
2021-жылдын октябрь айынан баштап «Кесипке билим берүүнүн технологиясы» кафедрасын п.и.к. Бердибекова С.К. жетектеп келүүдө.
Азыркы мезгилде кафедрада 2 илимдин кандидаттары, 1 ОшТУнун доценти, 2 ага окутуучу, 3 окутуучу, 1 окуу мастери, 2 инженер прогр. 1 лаборант эмгектенүүдө. Кафедра негизги билим берүү программасын ишке ашырууда базалык билими бар, окутулуучу дисциплинанын профилине туура келген, тынымсыз илимий ишмердүүлүк менен алектенген илимий-педагогикалык кадрлар менен камсыз болгон. Илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулар жалпы курамдын 25% түзөт.
“Кесипке билим берүүнүн технологиясы” (КББТ) кафедрасы төмөндөгү адистерди даярдайт:
550800 “Кесипке окутуу ” багыты
Даярдоо профили: Маалыматтык технологиялар
Квалификациясы: бакалавр
Окуу формасы: күндүзгү жана сырткы
Окуу мөөнөтү: 4 жыл жана 5 жыл
Бүтүрүүчүлөр төмөнкүдөй кызмат орундарында иштей алышат:
- Кесипчилик-техникалык окуу жайларында;
- Лицейлерде, колледждерде жана мектептерде, жогорку окуу жайларында;
- Жумушчуларды жана адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуучу институттарында;
- Элди иш менен камсыз кылуу кызматтарында, билим берүүчү мекемелеринде, инженердик-оператордук жумуштарды талап кылган бардык мекемелерде;
- Жеке ишмердүүлүктө, фирмаларда, өндүрүштөрдө;
570021 “Интерьер жана жабдуулар” адистиги
Квалификациясы:
Айлана- чөйрөнү көркөмдөө боюнча дизайнер
Окуу формасы: күндүзгү
Окуу мөөнөтү: 5 жыл
Айлана- чөйрөнү көркөмдөө боюнча дизайнер азыркы мезгилдин заманбап адиси. Бул адистикти бүтүрүүчүлөр интерьерлерди жана жабдууларды адам чөйрөсүнө ыңгайлаштырып, өзгөчө эстетикалык кооздукта жасалгалап, имараттардын ички жасалгалоосунда кайталангыс жагымдуу шарттарды, кооздукту, ыңгайлуулукту, стилди түзө билген адистикке ээ болушат.
Бүтүрүүчүлөр төмөнкү жумуш орундарында иштей алышат:
- дизайн-студияларында;
- билим берүү мекемелеринде;
- мебель фабрикаларында, цехтерде;
- фирмаларда, өндүрүштөрдө
- жеке ишканаларда
Кафедранын окуу – методикалык иштери
Окуу планы мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык түзүлгөн 550800 “Кесипке окутуу” багыты жана 570021 “Интерьер жана жабдуулар” адистиги үчүн окуу программалары, бардык дисциплиналар боюнча усулдук көрсөтмөлөр иштелип чыккан. Жумушчу программалар типтүү программанын негизинде иштелип чыгып, түзүлгөн. Бардык дисциплиналар боюнча кафедрада лекциялардын электрондук варианттары түзүлгөн.
Кафедрада сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Кафедранын материалдык-техникалык базасы талапка ылайык заманбап окутуунун каражаттары менен жабдылган, айтсак 2/122 аудитория заманбап компьютерлер менен жабдылган, 2/ 126, 2/ 128 аудиторияларда проекторлор орнотулган. 3/018 окуу устаканасы токардык, фрезердик жана көзөөчү станоктор менен жабдылган, студенттер кесипке окутуу, техникалык моделдештирүү предметтеринен практика жүзүндө таанышышат.
Окуу процессинде окутуунун интерактивдүү усулдары тажрыйбалуу окутуучулар тарабынан колдонулуп келет. Студенттердин өз алдынча иштери жакшы жолго коюлган. Бул багытта ар бир студентке жекече, өз алдынча иш берилет жана семестр ичинде аткарылат. Студенттердин билим деңгээлин баалоо тесттер аркылуу жүргүзүлөт.
Кафедранын окутуучуларынын илимий-изилдөө иштери
Кафедранын негизги илимий багыттары:
1. Жогорку мектепте заманбап окутуу технологияларын иштеп чыгуу.
2. Билим берүү инженерлеринин кесиптик компетенцияларын жана инсандык сапаттарын калыптандыруудагы илимий-педагогикалык негиздери
3. Жогорку билим берүү системасында кесиптик окутуунун педагогдорун даярдоонун дидактикалык негиздери
Илимий ишке кафедранын төмөнкү окутуучулары тартылды:
- п.и.к., ОшТУнун доценти Бердибекова С. К. – 13.00.02 – «. Билим берүү инженерлеринин кесиптик компетенцияларын жана инсандык сапаттарын калыптандыруудагы илимий-педагогикалык негиздери»;
- ф-м. и. к., доцент Алдашов м. к. – 01.02.04 – «Динамическая сверхпластичность конструкционных сталей»;
- ОшТУнун доценти Машиев м. а. – «Жогорку мектепте заманбап окутуу технологияларын иштеп чыгуу»;
- ага окутуучу Маматова М. Ж. – «Развитие готовности студентов к педагогической деятельности на основе формирования профессионального самосознания»;
- ага окутуучу Алиев Р. А. «Кесиптик билим берүүдө күндөлүк аң-сезимге карата психологиялык анализ».
- окутуучу Орозалы кызы Г. «Интерактивдүү окутуунун учурдагы практикадагы абалы жана аларды колдонуунун ыкмалары»
Кафедрада изденүүчүлөр иштейт: доц. М.А. Машиев, ага окутуучу М.Ж. Маматова жана аспиранттар ага окутуучу Алиева Р.А., окутуучу Орозалы кызы Г.
Кафедрада ОшТУнун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча илимий-методикалык семинарлар, курстар өткөрүлүп турат.
Кафедранын окуу материалдык -техникалык базасы
550800 «Кесипке окутуу», 570021 “Интерьер жана жабдуулар” адистигиндеги студенттер үчүн төмөнкү окуу канаалары орун алган:
- Компьютердик каана 2-122
- Жалпы техникалык сабактарды окутуунун усулу 2-128
- Билим берүүнүн методологиясы жана технологиясы 2-126
- Психология жана педагогика 2-110
- Практикалык жана семинардык канаа 2-127
- «ТКМ жана материалдарды таануу» канаасы 3-017
- «Механикалык иштетүү» окуу устаканасы» 3-018
- «Архитектура, дизайн жана долбоорлоо» канаасы 2-322
- Маалыматтык – мультимедиялык компьютердик канаа.
Андан сырткары студенттер аудиторияларда, лекциялык залдарда, китепканаларда окуп даярданышат.
Материалдык –техникалык база жогорку адистиктерди даярдоодо жетишээрлик аудиториялык фонддор жана техникалык каражаттар менен камсыз болгон.
Кафедранын курамы:
Бердибекова Сырга Каныбековна – КББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент sberdibekova_71mail.ru, (03222) 4-60-49, 0773-45-65-50, 0559-45-65-25
АлдашовМухтарбек Кадырбекович – ТТФнын деканын, ф-м.и.к., доцент.
m.aldashov1967@mail.ru, (03222) 4-60-49, 0773-39-28-13, 0551-39-28-13
Машиев Медетбек Айтмаматович- Ош ТУнун доценти, meder1965@mail.ru 0777-00-07-64
Маматова Мира Жанибековна– ага окутуучу mira.mamatova@mail.ru, 0777-29-83-13
Алиева Роза Абдусабировна– ага окутуучу,roza.a76@mail.ru0700985518
Орозали кызы Гүлкайыр- окутуучу, gorozalikyzy@bk.ru, 0550 12 03 84
Джапаралиев Шералы Маразакович- окутуучу, shera9011@gmail.com,0773-17-85-51
Айдарали кызы Анзирет- окутуучу, aizisadykova@gmail.com 0709-05-29-08.
Абдумалик уулу Кылымбек– окуу чебери, ibragimovkylym@mail.com, 0990200071
Сагынбаева Салтанат Жаныбековна- лаборант, sagynbaeva@gmail.com 0558 872 700
Жайлообай кызы Болдукан- инженер-програмист, jailoobaeva@gmail.com 0771334299
Кайбалыева Нуркыз- инженер-програмист, nurkunainazarkulova@gmail.com 0771635893
Кафедранын документтери:
- НББП
- Программанын максаты
- Иш план
- Мобилдүүлүк боюнча материалдар
- Окутуунун жыйынтыгы
- Бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат
- Практика боюнча маалыматтар
- Келишимдер
- Абитуриенттер боюнча маалымат
- Иш берүүчүлор менен кызматташтык
- Ата-энелер боюнча маалымат
- Окуу план
- Материалдык-техникалык база
- Илимий-изилдөө иштери
- Окуу-усулдук колдонмо
- Тарбиялык иштер боюнча маалымат
- Башка ЖОЖдор менен кызматташтык
- Кафедранын жетишкендиктери боюнча маалымат