ОшТУнун «Физика жана энергетикалык машина куруу » кафедрасынын түптөлүү тарыхы 1974-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу жалпы техникалык факультетинин базасында физика-математика сектору болуп түзүлүүдөн башталган. 1994-жылы «Физика» кафедрасы болуп түзүлгөн.
2019-жылы ОшТУда машина куруу багытында адистерди даярдоо максатында ОшТУнун ректорунун 2019-жылдын 28-майындагы №09-04/150 буйругунун негизинде кафедра “Физика жана энергетикалык машина куруу” болуп түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө кафедрада жалпы 21 адам эмгектенет, анын ичинен 2 илимдин доктору 5 илимдин кандидаты, доценттер, 1 техника илимдеринин магистри, 1 аспирант, 6 окутуучулар, 5 көмөкчү кызматкерлер.
Азыркы учурда «Физика жана энергетикалык машина куруу» кафедрасы 650300 «Машина куруу» багытындагы бакалаврларды төмөнкү профилдер боюнча даярдайт:
- «Өндүрүштүк инженерия»;
- «Машина куруудагы технология жана менеджмент».
Аталган адистиктердин бүтүрүүчүлөрү машина куруу заводдорунда, машина куруу продукцияларын ремонттоо менен алектенген ар кандай машина куруу ишканаларында жана уюмдарда, транспорттук, энергетикалык жана тоо-кен ишканаларында (чакан жана орто бизнесте) инженер, долбоорлоо инженери, инженер-технолог, орнотуу жана сыноо боюнча инженери жана программалык камсыздоо инженери болуп иштей алышат.
Бүтүрүүчүлөрдүн компетентүүлүгү:
– долбоорлоо, математикалык, физикалык жана компьютердик моделдөө ыкмаларынын негизинде, жаңыларын түзүү жана заманбап өндүрүш процесстерин жана технологияларын колдонуу;
– заманбап жабдууларды тандоо менен машина куруу тетиктерин өндүрүүнүн натыйжалуу технологияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү;
– өндүрүш процесстерин комплекстүү автоматташтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу.
Билим берүү программасынын миссиясы –машина куруу жана энергетикалык машина куруу ишканаларында, долбоорлоо, илимий-изилдөө, монтаждоо, тейлөө жана эксплуатациялоо уюмдарында өз билимин, жөндөмүн, компетенттүүлүгүн ишке ашырууга жөндөмдүү техника жана технология багытындагы адистерди даярдоо.
Кафедранын стратегиялык максаты – ОшТУда даярдалган адистиктердин эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Компетенттүүлүк мамиленин принциптерине негизделген үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүнүн көп деңгээлдүү модулдук тутумунун шартында илимий-изилдөө ишинин сапаттуу өсүшү, билим берүү программаларын кайра түзүү, адамдык ресурстардын өсүшү жана заман талабына ылайыктуу жогорку билимдүү адистерди даярдоо.
Бүтүрүүчүлөдү жумушка жайгаштыруу, практикаларды өтүү жана практикалык, лабораториялык сабактарды сапаттуу өтүү максатында кафедра менен төмөндөкү ишканалардын ортосунда келишимдер түзүлгөн:
-“Кыргыз унаа курулуш” машина куруу заводу;
– Ош “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасы;
-ОшПВЭС.
Окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу жана биргеликте илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү максатында төмөндөгү окуу жайлар менен келишимдер түзүлгөн:
- –Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;
- –И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
- –Т.Ф. Горбачев атындагы Кузбасс мамлекеттик техникалык университети;
- –И.И. Ползунов атындагы Алтай мамлекеттик техникалык университети;
- –Новосибирск мамлекеттик техникалык университети;
- –Ташкент шаарындагы Турин политехникалык институту;
-Андижан машина куруу институту.
Кафедрада төмөндөгүдөй илимий багыттарда иш алып барылат:
– жаңыланып туруучу энергия булактарын эл чарбасына колдонуу проблемаларын изилдөө;
– физика предметин окутуудагы маалымат технологияларынын ролу;
– катуу телолордун радиациялык физикасы.
Кафедра тарабынан бир нече жолу республикалык жана Эл аралык масштабта илимий практикалык конференциялар жана симпозумдар өткөрүлгөн.
Кафедрада усулдук жана илимий семинарлар уюштурулуп, анда илимий жана усулдук багыттагы материалдар талкууланып турат.
Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим минстрлиги тарбынан каржыланган илимий долбоорлорду жыл сайын аткарып келет. Ошондой эле кафедрада «физик-техник» аттуу кружок иштеп, студенттер тарабынан жасалган түзүлмөлөрдүн макеттери Республикалык деңгээлдеги ар кандай конкурстардан алдынкы орундарды ээлеп келишүүдө.
Кафедранын окутуучулары тарабынан даярдалган студенттер университеттер аралык Аймактык олимпиадаларда акыркы беш жылда 1-3 орундарга ээ болуп жатышат.
Кафедранын документтери:
- НББП
- Программанын максаты
- Иш план
- Практика боюнча маалыматтар
- Абитуриенттер боюнча маалымат
- Иш берүүчүлор менен кызматташтык
- Окуу план
- Материалдык-техникалык база
- Окуу-усулдук колдонмо
- Тарбиялык иштер боюнча маалымат
- Башка ЖОЖдор менен кызматташтык
- Кафедранын жетишкендиктери боюнча маалымат
Физика кафедрасынын жаамааты:
Сатыбалдыев Абдимиталип Баатырбекович – Физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент, ОшТУнун профессору
жум.тел. (03222)4-35-95, моб.тел. (0772)45-36-86, email: sabst@rambler.ru
Рыспаев Талант Акимжанович – т.и.д., профессор ОшТУ
Моб.тел: 07710546402, еmail: talant.ryspaev@hs-anhalt.de
Жолдошов Белекбек Муратович
Илимий наамы: техника илимдеринин доктору, ОшТУнун профессору
email: belek0365@mail.ru
Жаныбеков Максатбек Жаныбекович
Илимий наамы: к.т.н, доцент
Илимий даражасы: профессор ОшТУ
Моб.тел: 0(553) 81 39 41, 0(779) 74 20 02;
email: Maklan@ rambler.ru
Абдалиев Урмат Калмаматович
Илимий наамы: т.и.к.доцент
Mоб.тел: 0(550) 60 47 61
email: abdaliev.u@mail.ru
Бокоев Кутман Амирбаевич –
Илимий наамы: т.и.к.,доцент.
Mоб.тел: 0(779) 55 60 71
email: bokoevk@list.ru
Бердибекова Сырга Каныбековна
Илимий наамы: п.и.к., доцент
Моб.тел: 0(559) 45 65 25, 0(773) 45 65 50,
email: sberdibekova_71@mail.ru
Кылычова Нурия Эсеналиевна
Илимий наамы: магистр
Моб.тел: 0(778) 96 35 88,
email: kylychova1973@mail.ru
Айтназарова Анаркан Мамазаитовна
Кызматы: окутуучу
Моб.тел: 0(773 ) 46 16 72,
email: aaitnazarova 58@mail.ru
Маданбекова Жылдызкан Амиракуловна
Кызматы: окутуучу
Моб.тел: (0773)10 92 32.
email: Jyldyzkan7575@mail.ru
Жороева Мария Кожоновна
Кызматы: окутуучу
Моб.тел: 0(556)74 65 67,
email: Zhoroeva.67@mail.ru
Маматова Үпөл Акбаровна
Кызматы: окутуучу
Моб.тел: 0( 773) 50 76 12,
еmail: mamatova7176@mail.ru
Аттокуров Анарбек Кудаярович
Кызматы: окутуучу
Моб.тел: 0(779) 41 77 01;
email: Anarbek84@list.ru
Абулова Нургул Лачынбаевна
Кызматы: окутуучу
Моб.тел: 0(552) 618872;
email: abulova79@mail.ru
Игамбердиева Жанаргул Абдрашитовна
Кызматы : окутуучу
Моб.тел: 0(771) 59 58 90
email: zhigam@list.ru
Мавлянова Жанара Акмырзаевна
Кызматы: окутуучу
Моб.тел: 0(777) 42 11 46;
email: janaramavlianova@gmail.com
Маралов Омурбек Салимович
Кызматы: Лаборант башчы, окутуучу
Моб.тел: 0773 732607
еmail: Maralov.Omurbek@bk.ru
Кудаярова Аймээрим
Кызматы: лаборант
Моб: 0774 183204
email: attokuvameerim04@mail.ru
Маматбек уулу Канжарбек
Кызматы: лаборант
Моб тел: 0770 572999
akmatov22051999@mail.com
Туголбаева Акчолпон Туголбаевна
Кызматы: лаборант
Моб.тел: 0776 300058
email: tuqolbaeva9800@mail.com