1994-жылы август айында Ош Жогорку технологиялык колледжинин ректорунун № 09-01/62А буйругунун негизинде “Химия жана технология” кафедрасы уюштурулган. Аны х.и.к., доцент М.И. Исмаилов жетектеген.
Кафедранын базасында төмөндөгү өз алдынча кафедралар түзүлгөн:
- 1996-жылы “Экология жана жашоо-тиричилик коопсуздугу” кафедрасы түзүлүп, аны доцент К.Ж. Жумабаев башкарган;
- 1997-жылы “Тамак-аш азыктарынын технологиясы” кафедрасы түзүлүп, аны М.И. Исмаилов башкарган;
- 1997-жылы “Химия жана химиялык технология” кафедрасы түзүлүп, аны х.и.к., доцент Сагындыков Жумабай Сагындыкович башкарган.
1994-жылдан бери кафедрада 6 кандидаттык диссертация корголду. Азыркы учурда кафедранын базасында 3 аспирант окуп жатат. Кафедра түзүлгөн күндөн баштап кызматкерлер тарабынан 200 дөн ашуун илимий макалалар, окуу куралдары, усулдук колдонмолор жарык көрдү.
2002-жылы кафедранын тарыхында биринчи жолу “Органикалык эмес заттардын химиялык технологиясы” адистиги боюнча “Инженер-химик-технолог” квалификациясы ыйгарылган бүтүрүүчүлөр даярдалып чыгарылган. 4 бүтүрүүчү артыкчылык дипломун алып, аспирантурага кабыл алынган. Калган бүтүрүүчүлөр адистиги боюнча республиканын өндүрүштүк ишканаларында жана илимий-изилдөө лабораторияларында иштеп жатышат.
Азыркы учурда кафедрада 1 х.и.к., профессор, 1 х.и.к., доцент, 1 ОшТУнун доценти, 5 ага окутуучу, 2 окутуучу жана 4 окуу-жардамчы кызматкерлер эмгектенип келишүүдө.
720100.“Химиялык технология” багытындагы “Органикалык эмес заттардын химиялык технологиясы” жана “Табигый энергия алып жүрүүчүлөрдүн (нефти жана газ) жана көмүртектик материалдардын химиялык технологиясы” профилдери боюнча бакалаврларды даярдап келүүдө:
- академиялык деңгээли: бакалавр
- окууту формасы: күндүзгү жана дистанттык
- окуу мөөнөтү: 4 жана 5 жыл
- окутуу усулу: бюджеттикжана контракттык
- кабыл алуунучу документтер: жалпы республикалык тестирлөөнүн жана кошумча физика же химия таалимдеринин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт
Бул адистик, азыркы турмушта, өзгөчө адамдын өндүрүштүк чыгармачылыгында, химик-инженер эн маанилүү ролго ээ. Химиялык технология менен байланышпаган өндүрүш тармактары жокко эсе. Техникалык прогресстин негизги шарттарынын бири химиялык технологиянын өнүгүшү болот.
Азыркы коомдун өтө актуалдуу жана перспективдүү проблемаларын чечүүдө химиялык-технология чоң ролду аткарат.
Бул багытты аяктаган адистер төмөнкү тармактарда иштей алат:
- – химиялык өнөр жайларда;
- –цемент заводдорунда;
- –кирпич заводдорунда;
- – сурьма, сымап комбинаттарында;
- – алтын комбинаттарында;
- – суу тазалоочу станцияларда (горводоканал);
- – жылуулук электр борборлорунда (ТЭЦ);
- – санитардык-эпидемиялык станциянын лабораторияларында (СЭС);
- – жибек жана кездеме чыгаруучу ишканаларда (текстиль);
- – металл көзөгүч (сверло) заводдорунда;
- – электр лампаларын өндүрүү заводдорунда;
- – машина куруу заводдорунда;
- – газ берүүчү жайларда (Горгаз);
- – күйүүчү жана майлоочу майлар мекемелеринде (ТЗК, ГСМ);
- – дары-дармек чыгаруучу заводдордо;
- – жалпы орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде.
Кафедранын документтери:
- ООП
- Цель программы
- План работы
- Материалы по мобильности
- Результат обучения
- Сведения о выпускниках
- Материалы по практике
- Договора
- Сведения об абитуриентах
- Сотрудничество с работодателями
- Учебный план
- Научно-исследовательская работа
- Учебно-методические пособия
- Сотрудничество с другими ВУЗами
- Сведения о достижениях кафедры
Кафедранын курамы:
Мурзакулова Батма Сыдыковна : «ХжХТ» кафедрасынын башчысы
Тел: (0555) 33 35 07
E-mail: batma507@gmail.com
Жорокулов Дуйшеналы Абдимаматович: «ХжХТ» кафедрасынын профессору
Тел: (0772) 183218, (0551) 183218
E-mail: duyshenaly@inbox.ru
Абдукаримов Абдигапар Абдукадирович: «ХжХТ» кафедрасынын доценти
Тел: (0779) 38 47 62, (0559) 32 22 56
E-mail: abdi_56@mail.ru
Айтиева Тамара Араповна: «ХжХТ» кафедрасынын ага окутуучусу
Тел: (0773) 85 03 04, (0553) 64 32 22
E-mail: tamara_1965@inbox.ru
Салабаева Зиннатхан Абдулхамитовна: «ХжХТ» кафедрасынын ага окутуучусу
Тел: (0555) 14 56 42
Жунусов Ажыбай Бердибаевич: «ХжХТ» кафедрасынын окутуучусу
Тел: (0778) 14 35 13, (0557) 01 29 00
E-mail: Mr.Azhybay@mail.ru
Алиматова Венера Кабылжановна: «ХжХТ» кафедрасынын окутуучусу
Тел: (0778) 07 27 32
E-mail: @mail.ru
Сарыбаева Максуда Мамасалиевна лаборатория башчысы
Тел: 0770 91 11 00
E-mail: sarybaeva.m.@gmail.com
Талип кызы Айпери: лаборант
Тел: 0773 92 58 85
Е-mail: peri.@mail.ru
Ахматов Эркин Алиевич: лаборант
Тел: 0554 15 90 92
Е-mail.ru erkin.akhmatov.@gmail.ru