Технологиялык колледждин «Курулуш» кафедрасы 2016-жылдын 6- июнунда ОшТУнун Окумуштуулар Кенешинин чечиминин негизинде, ОшТУнун ректорунун № 09 – 04/171 буйругу менен түзүлгөн.
«Курулуш» кафедрасы Ош ш. Н. Исанов к. 81, 2/116 каанасында жайгашкан.
Кафедра бүгүнкү күндө Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Ош областынын райондук архитектура бөлүмдөрү, ЖЧК «Завод ЖБИ-20», ЖЧК «Арх-Аалам», ЖЧК «Компания Рамзан», ЖЧК «Бекстрой» ж.б. курулуш ишканалары менен тыгыз кызматташып келүүдө.
Кафедра даярдап жаткан адистиктер
“Курулуш” кафедрасы орто кесиптик билим берүү программасынын негизинде төмөнкү адистиктер боюнча адистерди даярдап келүүдө:
- 270208 «Инженердик курулмаларды куруу жана пайдалануу», 2013-ж. баштап;
- 270206 «Автоунаа жолдорун жана аэродромдорду куруу жана пайдалануу», 2014-ж. баштап;
- 270103 «Имараттарды жана курулмаларды куруу жана пайдалануу», 2015-ж. баштап,
- 270301 «Архитектура» 2017-ж. баштап.
Окуу мөөнөтү:
270208 «Инженердик курулмаларды куруу жана пайдалануу», 270206 «Автоунаа жолдорун жана аэродромдорду куруу жана пайдалануу», 270103 «Имараттарды жана курулмаларды куруу жана пайдалануу» адистиктери боюнча:
- 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай;
- 9-класстын базасында 2 жыл 10 ай;
- Сырттан окуу бөлүмү 2 жыл 4 ай.
270301 «Архитектура» адистиги боюнча
- 11-класстын базасында 2 жыл 6 ай;
- 9-класстын базасында 3 жыл 6 ай.
Азыркы убакта кафедрада 468 студент билим алууда, анын ичинен 304 күндүзгү жана 164 сырткы бөлүмдө.
Квалификациясы
Аталган адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөргө “техник” квалификациясы ыйгарылат.
Бүтүрүүчүлөр курулуш, жол курулуш, архитектура ишкана-мекемелеринде жана долбоорлоо-конструктордук ишканаларда иштей алышат.
Кафедранын илимий багыттары
Кафедранын жалпы тематикасы – зилзалага туруктуу курулуш.
Ушул тематиканын негизинде кафедранын мүчөлөрү төмөндөгүдөй темаларда илимий изилдоо жумуштарын аткарышат :
- Коп кабаттуу каркастуу имараттарга эн жогорку сейсмикалык жуктун өлчөмүн аныктоонун усулун иштеп чыгуу.
- Кыргыз республикасынын туштук аймактарында жергиликтуу сырьедон жасалган керамикалык дубал материалдарды изилдөө.
- Жергиликтуу сырьелордон жасалган курама темир – бетон конструкцияларынын бышыктыгын жана узакка кызмат кылуусун изилдөө.
- Төмөнкү маркадагы цементтерди алууга колдонулуучу жергиликтуу курулуш материалдарды изилдөө.
- Курулуштагы эффективдуу металл конструкцияларын изилдөө жана иштеп чыгаруу.
Кафедра башчысы, ага окутуучу Эргешов Эмилбек Сатимбекович. Кафедранын окутуучулары Шералиева Салия Токтогуловна, Абдукадирова Феруза Пулатовна жана Кулматова Кансулуу Абдимиталиповна «Курулуш» адистиги боюнча магистр.
Кафедранын окутуучусу Пасан уулу Асан 05.23.05 “Курулуш материалдары жана буюмдары” адистиги боюнча, Кулматова К.А. 05.23.08 «Курулуштун технологиясы жана аны уюштуруу» адистиги боюнча ОшТУнун аспирантурасында окушат.
Кафедра башчысы жөнүндө маалымат
Кулматова Кансулуу Абдимиталипова, ГТКнин «Курулуш» кафедрасынын башчысы, «Курулуш» багыты боюнча магистр.
Билими: жогорку
Кесиби: ПГС, инженер-куруучу
Окуткан сабактары: Курулуш конструкциялары, Курулуштун экономикасы, Имараттарды жана
Негизги эмгектери:
Окуу усулдук: Методическое указание к выполнению курсового проекта №1 и №2 по дисциплине ЖБК. — Ош: ОшТУ, 2013. 108с.
Курс Лекция и Практикум по ТОиРЗиС – Ош: ОшТУ, 2019.
Лабораторный практикум по ЖБК. — Ош: ОшТУ, 2013. — 104 с