Факультеттин кыскача тарыхы:
Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети Кыргызстандын түштүгүндөгү технология, экология жана геология багыттары боюнча адистерди даярдаган, Ош технологиялык университетинин негизинде түзүлгөн факультеттердин бири болуп эсептелет.
Факультеттин негизги максаты болуп жогорку теориялык билимге ээ жана өз кесибинин устаты болгон, мезгилдин талабына ылайык адистерди даярдоо негизги максат болуп саналат.
1994 – жылы Ош технологиялык колледжинде Химия жана технология, Жеңил өнөр-жайынын технологиялары кафедраларынын базасында Технологиялык факультет болуп түзүлгөн. 1999-жылы Технологиялык факультет Инженердик-технологиялык факультет болуп өзгөртүлүп, курамына Жеңил өнөр-жайынын технологиясы, Химия жана технология, Азык-заттардын технологиясы кафедралары жана Субтропикалык өсүмдүктөрдүн технологиясы сектору киргизилген. Ушул эле жылы Экология жана тиричилик коопсуздугу, Пайдалуу кендердин геологиясы, Экология жана жаратылышты пайдалануу кафедраларынын негизинде Экология-геологиялык факультет түзүлгөн.
2003–жылы Ош технологиялык университетинин ректорунун буйругу менен Экология-геологиялык жана Инженердик-технологиялык факультеттердин базасында Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети болуп түзүлгөн.
Факультеттин иш аракети жөнүндө маалымат
Окуу жана окуу-усулдук иштери
Факультетте күндүзгү жана сырттан (дистанттык) окуу бөлүмдөрүндө эки адистик жана жети багыт боюнча студенттерге билим берүү бюджеттик жана келишимдик негизде жүргүзүлөт.
Факультеттеги жалпы студенттердин саны 2474, анын ичинен 752 студент күндүзгү, 1722 студент сырттан (дистанттык) окуу бөлүмдөрүндө окушат. Сабактар мамлекеттик окуу стандарты боюнча түзүлгөн, ОшТУнун биринчи проректору тарабынан бекитилген окуу пландарына жана окуу графигине ылайык жүргүзүлөт.
Факультеттин илимий-изилдөө иштери
Факультетте илимий-изилдөө иштери кафедраларда түзүлгөн пландардын негизинде тиешелүү денгээлде иш жүзүнө ашырылат. Алар кафедралардын жалпы илимий темасына карата түзүлгөн жана азыркы күндө илим жаатында алгылыктуу иштер жүрүүдө. Студенттердин илимий-изилдөө иштери жана илимий көз караштарын калыптандыруу максатында жакшы иштер жолго коюлган.
Тарбиялык жана коомдук иштер
Факультеттин күндүзгү окуу бөлүмүндө 27 тайпа бар. Окуу жылынын башында ар бир тайпага староста жана куратор бекитилет. Кураторлор өз жумуштарын университеттеги студенттик тайпалардын кураторлору жөнүндөгү жобонун негизинде жана университеттин, факультеттин деңгээлинде өткөрүлүүчү иш чаралардын пландарына ылайык жүргүзүшөт. Студенттердин сабакка катышуусун, жүрүм-турум эрежелерин көзөмөлдөп, алардын ар кандай факультетте жана университетте чечиле турган социалдык жагдайдагы иштерин чечүүдө атайын куратордук папка түзүп, анын ичиндеги иш пландын негизинде иш алып барышат.
Факультеттин студенттерине адептүүлүк, патриоттуулук, интернационалдуулук, атуулдук тарбия берүү жана студенттердин өз алдынчалуулугун өнүктүрүү, аларды өзүн-өзү башкарууга багыттоо жана ар тараптуу активдүүлүгүн арттыруу жумуштары жүргүзүлөт.
Кызматташуу
- Технический университет (Германия)
- Алматинский технологический университет (Алматы
- КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш ресурстары институту
- Айлана чөйрөнү коргоонун Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактык башкармалыктары
- КР АЧКиТЧ мамлекеттик агенттигинин структуралык бөлүмдөрү
- КР ӨКМнин структуралык бөлүмдөрү
- КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы
- LOGO жана PRAXX программалары
- АК «Келечек» Ош шаары
- ЖАК «Агропласт» Кызыл-Кия шаары
- ЖАК «Аталык GROUP»
- АК «Келечек-1» Жалал-Абад шаары
- АК «Келечек-2» Жалал-Абад шаары
- ИП «Сулайман шириндиктери» Ош шаары
- ЧП «Барбол» Ош шаары
- ЖАК «Пивная Академия» Ош шаары
- ИП «Шоро» Ош шаары ж.б.
Факультетте төмөндөгү багыттар жана адистиктер (бакалавр, магистр) боюнча даярдоо жүргүзүлөт:
610600 Айыл-чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн технологиясы бакалавр
740100 Өсүмдүктөрдөн жасалуучу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү бакалавр
760300 Техносфералык чөйрөнүн коопсуздугу (профили ЖТК) бакалавр
720100 Химиялык технологиялар бакалавр
520800 Экология жана жаратылышты пайдалануу бакалавр
730100 Токой иши жана ландшафттык курулуш бакалавр
570700 Костюм жана текстиль искусствосу бакалавр
740700 Женил өнөр жай өндүрүшүнүн технологиясы бакалавр
570020 Кийимдин дизайны адистик
630001 Колдонмо геология “Пайдалуу кендерди геологиялык сүрөттөө, жана чалгындоо” “Нефть жана газдын геологиясы” адистик
610600 Айыл-чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн технологиясы магистр
520800 Экология жана жаратылышты пайдалануу магистр
Факультеттин курамы:
Факультеттин деканынын м.а, биология илимдеринин кандидаты, доцент
Тешебаева Зулумкан Абдыманаповна:
Байланыш телефондору (+996) 773271014
WhatsApp: 0779582700
Күндүзгү окуу бөлүмү боюнча декандын орун басары
Райымкулов Ариет Айтбаевич, ага окутуучу,
Байланыш телефондору: (0771) 873434
E_mail: ariet86@mail.ru
Сырткы окуу бөлүмү боюнча декандын орун басары
Убайдилла уулу Бектур
Байланыш телефондору: (0777) 485 042
E_mail: sbek297@gmail.com
Тарбия иштери боюнча декандын орун басары
Турсуналиев Орозбек Досмаматович
Байланыш телефондору: (0776) 808 096
Күндүзгү окуу бөлүмүнүн методисти
Тешебаева Майрамкан Мамазакировна
Байланыш телефондору: (0773) 737590
Сырттан окуу бөлүмүнүн методисти
Шамырбекова Элвира Шамырбековна
Байланыш телефондору: (0556) 868085
Е-mail: shamyrbekovaelvira1@mail.ru
Факультеттин диспетчери
Садыбакасова Гулумкан
Байланыш телефондору: (0772) 523 652
Факультеттин курамы
- “Химия жана химиялык технология”
- «Женил өнөр жайынын технологиясы”
- “Жашоо тиричилик коопсуздугу”
- “Пайдалуу кендердин геологиясы”
- “Азык заттар жана айыл чарба азыктарынын технологиясы ”
- “Экология жана жаратылышты пайдалануу”
Белгилүү бүтүрүүчүлөр:
- Алимбеков Н.К. Кыргыз Республикасынын жогорку кенешинин 5-6- чакырылышынын депутаты, ТСП-92 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Танаков Н.Т. ач.и.д.,” Азык заттардын жана айыл чарба азыктарынын технологиясы” кафедрасынын профессору ТСП-92 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Тешебаева З.А. б.и.к., “Экология жана жаратылышты пайдалануу” кафедрасынын доценти ООС-99 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Райымкулов А.А. “Технология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин окуу иштери боюнча декандын биринчи орун басары, ЗЧС-03 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Жумабаев Э.С. СБНОНОТ ”ЮГ” ага лейтенант бажы кызматы ЗЧС-03 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Бийзаев У. ААК Манас эл аралык аэропортунун Ош филиалынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, ГСПМ-96 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Айткулов Т.Ж. КР ӨКМнин орук башкармалыгынын орук бөлүмүнүн башчысы, ЗЧС-02 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Абдрахманов Б.Т.КР ӨКМнин жарандык коргонуу жана өрт коопсуздук башкы башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн улук офицери улук лейтенант, ЗЧС-02 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Токоев Б.К. КР ИИМнин атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы №3-батальонунун 1-ротасынын командири , ЗЧС-02 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Эргешова Г.Р. КР ӨКМнин Ош облустук сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн башкы адиси, ЗЧС-03 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Мамадиев Р. Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш изилдөө бөлүмүнүн ага лейтенанты, ЗЧС-03 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Алманбетов У. ААК Манас эл аралык аэропортунун Ош филиалынын коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери ЗЧС-03 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Кадыров Р. ААК Манас эл аралык аэропортунун Ош филиалынын коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери ЗЧС-03 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Мансуров А.Ы. ОСОО комплекс ишканасынын жетекчиси, ГСПМ-03 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Тойчуев М.Иштамберди геологиялык ишканасынын башкы геологу ГСПМ-05 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Ысманалиев Р.Түштүк кыргыз геологиялык экспедициясынын Сузак партиясынын жетекчиси, ГСПМ-04 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
- Дуванакулов М.А.Жалал-абад облустук Экотехинспекциясынын жетектөөчү адиси,
ООС-04 тайпасынын бүтүрүүчүсү.
PDF форматындагы документ
2021-2022 окуу жылы учун факультеттин иш планы