Азыркы күндө факультетте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилген лицензиялардын негизиндеги багыттар:
- 640200 “Электр энергетикасы жана электр техникасы”
профилдери:
– Альтернативдүү энергия булактары;
– Электр менен камсыздоо;
– Электр энергетикалык системалар жана тармактар;
– Электр энергетикадагы менеджмент;
– Электр энергетикалык системадагы релелик коргоо жана автоматика;
– Электр чордондор;
– Электр энергетикадагы IT;
– Электр энергетикада энергияны үнөмдөө;
– Электр унаа жана учкучсуз транспорт;
- 610300 “Агроинженерия”
профили:
– Электр жабдыктары жана электр технологиялары.
– Агроөнөр жай комплексинин электр энергетика тармагындагы электр техникалык маалымат системалары.
- 640100 “Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы”
профили:
– Жылуулук электр станциясы.
Учурда факультеттин деканы техника илимдеринин кандидаты, профессор Мурзакулов Нуркул Абдилазизович.
Факультеттин ишмердүүлүгү
Факультеттин негизги максаты сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү менен жогорку квалификациялуу бакалавр-электриктерди, бакалавр-энергетиктерди жана магистрлерди даярдоо. Факультеттин курамын-да: 3 профессор, 11 илимдин кандидаттары, доценттер, 4 ОшТУнун доценти, 4 ага окутуучу, 5 окутуучу жана 6 окутууга көмөкчү кызматкерлер бар. Окутууга 18 окуу лабораториясы, компьютердик класстар, окуу лабораториялык полигон, 1 илимий лаборатория, дипломдук жана курстук долбоорлоо кааналары, ОшЭТИ, “Электр станциялары” ААКнын Ош ЖЭБ филиалы, ”Жылуулук камсыздоо” ААК ишканалары менен биргелешкен окуу лабораториялары бар. Алар заманбап техникалар менен жабдылган.
Студенттер үчүн «Электр монтеру жана электр монтажниги» курсу бар, аны аяктагандан кийин курсту аяктагандыгы тууралуу күбөлүк жана ОшТУнун сертификаты берилет.
Азыркы учурда факультетке караштуу 3 кафедра иш алып барууда, алар:
- «Электр жабдыктары жана жылуулук энергетикасы» кафедрасы, кафедра башчысы т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- «Электр менен жабдуу» кафедрасы, кафедра башчысы т.и.к., доцент Ташиев Н.М.
- «Электр станциялары, тармактары жана торлору» кафедрасы, кафедра башчысы т.и.к., проф. Тешебаев А.Т.
Факультеттин мыкты бүтүрүүчүлөрү
Садыков Нурлан Матмусаевич, 2001-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, Кыргыз улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысынын орун басары;
Сулайманов Алтынбек, 1999-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, Электр станциялары ААКнун башкы директорунун орун басары;
Артыков Асилбек Авазбекович, 1998-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, Ошэлектро ААКнун башкы директорунун орун басары;
Жалилов Атакул Абдимиталипович, 2002-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, “Ош-пирим” телерадио компаниясынын аткаруучу директору;
Турдуев Ильяз Эрмекович, 2000-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, т.и.к.,доцент, Ош шаарынын шаардык кеңешинин депутаты.