Аспирантура
Адистиктин багыттары
Тапшыруучулар үчүн
Аспирантурага конкурстук негизде жогорку кесиптик билими бар, адис же магистр дипломдору менен тастыкталган Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат.
Чет өлкөлүк жарандар жана чет мамлекеттерде билим алган адамдар Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары тарабынан алардын билиминин Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билимине эквиваленттүүлүгү таанылган учурда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде ОшТУнун аспирантурасына кабыл алынат.
Мурда аспирантурада толук окуу курсун бүтүргөн адамдар аспирантурада кайрадан окууга укугу жок.
Аспирантурага тапшыруучу бардык талапкерлер болжолдуу илимий жетекчи жана тиешелүү профилдик кафедранын башчысы менен алдын ала маектешүүдөн өтүшөт. Илимий жетекчиликке макулдук кирүү экзамендерине уруксат берүү үчүн арызда визаланып (бекитилип) коюлат.
Аспирантурага кабыл алуу жөнүндө арыз ОшТУнун ректорунун атына берилет жана төмөнкү документтер тиркелет:
- Өздүк баракча (личный листок);
- Эмгек китепчесинен (трудовая книжка) көчүрмө;
- Дипломдун көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган);
- Чыгарылган илимий иштердин тизмеси;
- Илимий жетекчинин макулдугу;
- Сүрөт 3:4 4 даана;
- Конверт 1 даана;
- Папка(скоросшиватель)
- Резюме
Окуп жаткандар үчүн
,,,,,,
PhD докторантура
Адистиктин багыттары
Тапшыруучулар үчүн
Ош технологиялык университетинде (ОшТУ) PhD докторантуранын 9 багыты бар:
520500 – Картография жана геоинформатика
640200 – Электроэнергетика жана электротехника
580100 – Экономика
750500 – Курулуш
610600 – Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы
710200 – Информациялык система жана технологиялар
710300 – Колдонмо информатика
520800 – Жаратылышты колдонуу жана экология
670300 – Транспорттук процесстердин технологиясы
Документтерди кабыл алуу 10-июлдан 1-октябрга чейин жүргүзүлөт
Кирүү экзамендеринин мөөнөтү 1-сентябрдан 5-октябрга чейин, кабыл алуу 10-октябрга чейин каралган. PhD докторантура боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруу контракттык негизде күндүзгү бөлүмдө жүргүзүлөт. Тапшыруучулар тиешелүү адистик боюнча «магистр» же «адис» диплому менен тастыкталган жогорку кесиптик билимге ээ болушу керек.
Кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- ОшТУнун ректорунун атына жазылган арыз;
- Жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген билими тууралуу документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктаган маалымкат;
- Паспорт жана аскердик билет (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) арыз берүүдө көрсөтүлөт;
- Иштеген жери боюнча кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган персоналды эсепке алуу баракчасы (иш стажы бар адамдар үчүн);
- 3х4 өлчөмүндөгү 4даана түстүү сүрөт;
- Илимий жана илимий-методикалык иштердин тизмеси (бар болсо);
- Резюме.
Окутуу төмөнкү этаптарда жүргүзүлөт:
- теориялык окутуу;
- илимий изилдөө иштери;
- чет өлкөдө илимий стажировкадан өтүү;
- диссертацияны даярдоо жана коргоо;
- жыйынтыктоочу аттестациядан өтүү.
Окуп жаткандар үчүн
ы
Жобо
Изденүүчүлүк
,,,,,,,,
PhD докторантура жана аспирантура бөлүмү
ОшТУнун аспирантурасы өз ишмердүүлүгүндө «Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө» жобону (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы №327 токтому менен бекитилген), ошондой эле ОшТУнун Уставын жана университеттин башка ички укуктук документтерин жетекчиликке алат.
Ош технологиялык университетинин (мындан ары – Университет) докторантура (PhD) боюнча окуу регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 517 токтому менен бекитилген «Докторантура (PhD)/профили боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү уюштуруунун жана философия илимдеринин доктору (PhD)/профили боюнча доктор илимий даражасын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 токтому менен бекитилген философия илимдеринин докторун (PhD)/профили боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу минималдуу талаптарга ылайык иштелип чыккан.
Ош технологиялык университетинде илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо PhD докторантура жана аспирантура бөлүмү аркылуу ишке ашырылат. Окутуу Кыргыз Республикасынын илим тармактары жана илимий адистиктер боюнча учурдагы номенклатурасына ылайык жүргүзүлөт.
Ош технологиялык университетинин аспирантурасы 28 адистик боюнча, PhD докторантура 9 багыт боюнча илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдайт. Аспирантуранын билим берүү программасынын узактыгы 3-4жылды (күндүзгү/сырттан) түзөт, ал эми профиль боюнча базалык PhD докторантуранын окуу мөөнөтү 3 (күндүзгү) жылдан кем эмес болот.
Азыркы учурда аспиранттардын жалпы саны 25 адамды түзөт. Алардын ичинен 13 аспирант күндүзгү окуу бөлүмүндө, 12 аспирант сырттан окуу бөлүмүндө билим алат. Чет элдик аспиранттардын саны 6. PhD докторантурада жалпы 43 докторант билим алууда. Алардын 31и Кыргыз Республикасынын жарандары, 12си чет элдик докторанттар болуп саналат.
Функционалдык милдеттер –
Иш-план –
ОшТУнун илимий даражалуу профессордук-окутуучулук курамы –

PhD докторантура жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы
Маметова Гүлназ Абдикеримовна-э.и.к., доцент
Байланыш номерлер: +996773382383
+996553382383
E-mail: gulnaz-mametova@mail.ru

PhD докторантура жана аспирантура бөлүмүнүн башкы адиси
Акмырзаева Айгерим Нурмирзаевна
Байланыш номерлер: +996700357007 (W/p)
+996771859920
E-mail: aigerimakmyrzaeva@3gmail.com










