Кафедранын тарыхы
Гуманитардык технологиялык колледждин “Информатика, программалоо жана байланыш” кафедрасы ОшТУнун ректорунун 2017-жылдын 27-июлдун №09-04/191 буйругу менен ОшТУнун Окумуштуулар Кенешинин чечиминин негизинде түзүлгөн.
Кафедра башчысы –экономика илимдеринин кандидаты, ага окутуучу Арзыбаева Менди Абдисалимовна.
Профессордук-окутуучулар курамы: Кафедрада штаттык негизде 17 окутуучу штаттык негизде, 8- окутуучу айкалыштыруу менен эмгектенет. Анын ичинен 4- илимдин кандидаты, 5- ага окутуучу, 16 –окутуучу жана инженер–программист.
Кафедра даярдап жаткан адистиктер:
- 230109 Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо (ПОВТАС);
- 230701Колдонмо информатика (ПИ) (тармактар боюнча);
- 230108Компьютердик системалар жана комплекстер (КСК) (тармактар боюнча);
- 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (АСОИиУ) (тармактар боюнча);
- 210406Байланыш тарамдары жана коммутация системалары (ССиСК);
- 230111 “Компьютердик системалардагы программалоо” (ПКС).
Окуу мөөнөттөрү:
11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;
9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай;
Сырттан окуу бөлүмү – 2 жыл 4 ай.
Илимий-изилдөө иштери:
Кафедра башчысы, ага окутуучу Арзыбаева Менди Абдисалимовна 08.00.05 “Экономика жана эл чарбасын башкаруу” багыты боюнча “Аймактардагы миграциялык агымдарды жөнгө салуунун социалдык экономикалык механизмдери (Кыргыз Республикасынын материалдарында)” деген темада экономика илимдеринин кандидаты наамына кандидаттык диссертациясын жактады.
Окутуучу Ташибеков Тариел Чубакович 08.00.05 “Экономика жана эл чарбасын башкаруу” багыты боюнча “Рынок шарттарында Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоосунун аймактык көйгөйлөрү” экономика илимдеринин кандидаты наамына кандидаттык диссертациясын жактады.
Окутуучу Мусаева Роза 05.13.15 “Эсетѳѳ машиналар жана системалар” багыты боюнча “Нанореактивдүү композиттик материалдарды сандык моделдѳѳ технологиясын түзүү” деген темада аспирантра бѳлүмүн аяктады.
Окутуучусу Кульматова Нурила 710300 “Колдонмо информатика” багыты боюнча “Python программалоо тилинде маалыматтар базасын иштеп чыгуу” темасында магистратура бѳлүмүндѳ окуп жатат.
Окутуучу Оморова Салтанат Торонбековна “Радио релейдик станцияларын IT технологиясынын базасында автоматташтырылган системасын изилдѳѳ жана иштеп чыгуу” деген илимий теманын үстүндө иштеп жатат. Илимий багытта 17 илимий-макала чыгарган.
Окутуучу Абдакимова Гулсара 05.13.18- Математикалык моделдештирүүнүн теориялык негиздери, эсептелген ыкмалары жана программанын топтому багыты боюнча “Геоакустиканын бир өлчөмдүү тескери маселесин чечүүнүн сандык ыкмасын жана алгоритмин иштеп чыгуу» темасында аспирантура бөлүмүн аяктады.
Окутуучу Нышанова Алтынай 05.03.06- Технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана башкаруу багыты боюнча “Эсептѳѳ техникаларын жана заманбап технологиялык платформаларды колдонуу менен автоматтык ретрансляторду аралыктан башкаруу түзүлүшүн иштеп чыгуу” темасында аспирантура бѳлүмүнүн 2чи курсунда окуп жатат.
Окуу-усулдук иштер
Кафедранын окутуучулары бекитилген окуу усулдук иштерине ылайык курстук иштерди жана дипломдук иштерди аткарууга усулдук колдонмолор иштелип чыгып, ОшТУнун методикалык кенешинде бекитилген.
Арзыбаева Менди 2021-жылы «Социально-экономический механизм регулирования миграционных потоков в регионах (на материалах Кыргызской Республики)» аттуу монографиясын даярдап, жарык көрдү.
Закирова Динара тарабынан «Объектиге багытталган программалоо» сабагы боюнча курстук иштерди аткаруу үчүн усулдук көрсөтмө 2022 жылы жарык көрдү.
Нышанова Алтынай тарабынан “Информатика” предмети боюнча орто кесиптик билим берүү багыты боюнча билим алган студенттерге практикалык жумуштарды аткаруу боюнча усулдук көрсөтмөсу жарык көргөн.
Кафедрада тарбия иштери жалпы билим берүү иштеринин планы, ошондой эле кураторлордун жеке пландары боюнча жүргүзүлөт. Тарбиялык иштер студенттердин билим сапатын жогорулатууга, өз алдынчалуулугун өркүндөтүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоого багытталган. Жыл сайын кафедрага адистер чакырылып “СПИД”, “Кыз адеби кымбат”, “Өзгѳчѳ кырдалдардан коргоо” атуу темасында иш чаралар ѳткѳрүлүп келет. ϴткөрүлгөн иш-чараларды тиркелген шилтеме аркылуу кѳрсѳ болот.
Кафедранын ЖОЖдор менен кызматташуусу жана мобилдүүлүк
08.12.2022ж. №09.08/381 келишимдин негизинде “ИПжБ” кафедрасы ОшМУнун Индустриалдык–педагогикалык колледжи жана “Мурас” инновациялык колледжи ортосундагы өз ара кызматташуу бар. 2022-жылдын 14-ноябрдан 14-декабрына чейин “ПОВТАС” адистигинен 10 студент окуп келишти. ОшМУнун Индустриалдык– педагогикалык колледжинен 10 студент ийгиликтүү окуп жыйынтыгында сертификаттар ыйгарылды.
“ИПжБ” кафедрасынын окутуучулар өзүнүн билим денгээлин ар дайым жогорулатып, эл аралык семинар тренингдерге катышышат.
- Окутуучу Кульматова Нурила 2021-жылдын 2-14ноябрга чейин Erasmus+ELBA долбоорунун «Борбор Азияда чоң маалыматтарды интеллектуалдык талдоо боюнча окуу-изилдөө борборлорун түзүү жана курстарды өнүктүрүү» алкагында квалификациасын жогорулатуу боюнча Испания мамлекетинин Сантьяго-де-Компостела (USC) Университетине барып тажрыйба алмашып келди.
- Окутуучулар Арзыбаева М.А. жана Оморова С.Т 2022-жылдын 24-январдан 4-февралга чейин Словениянын Копер шаарындагы Приморска университетинде ERASMUS+ELBA долбоорунун алкагында Борбор Азиядагы мугалимдерди даярдоо программасы боюнча 2 жумалык тренингке катышып келишти.
- Окутуучу Оморова Салтанат, Нышанова Алтынай Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» программасы алкагында квалификациасын жогорулатуу боюнча Бишкек шаарында Медисон отельде «Веб иштеп чыгууларга киришүү» темасына арналган семинарга катышып келишти.
- ПРООН колдоосунун негизинде кафедранын жалпы окутуучулары 2021-жылдын 17- январынан 25-февралына чейин “Кыргыз Республикасынын санариптик экономикада жаштарды эмгек менен камсыз кылуу үчүн санариптик көндүмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрү” темасында өтүлгөн семинарга аралыктан катышышты.
- 2022-жылдын 23-апрелинде Супара этно комплексинде Р. Отунбаеванын демилгелери коомдук фондунун «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын экинчи фазасынын аякташына арналган иш чарага долбоордо ментор катары иштеген кафедранын башчысы Арзыбаева М.А. катышып келди. Иш-чаранын максаты Кыргызстанда, өзгөчө технология, илим жана чыгармачылык индустрия жагында ийгиликтүү жана кесипкөй тажрыйбаны өнүктүрүү болуп саналат.
Кафедранын ишмердүүлүгү
Жыл сайын кафедра жамааты иш берүүчүлөр, ата-энелер жана кызыктар тарап менен окуу-пландагы сабактарды, сабактардын окуу методикалык комплектерин, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практиканы өтүүнүн жол жоболору талкууланат. Өндүрүштүн алдыңкы жетекчилери, тажрыйбалуу адистери жана студенттер менен тегерек столдор, конференциялар уюштурулуп, өткөрүлүп турат.
Кафедранын эл аралык долбоорлор менен иштөөсү:
Кыргыз Республикасынын АКШ элчилигинин, Youth of Osh, Robosky уюштуруусунда «STEAM – развитие навыков XXI века» долбоорго кафедранын окутуучулары Оморова Салтанат, Тажиева Махабат, Мусаева Роза, Кульматова Нуриля активдүү катышышты. Проекттин уландысы болуп кружок уюштурулуп, кафедранын окутуучусу Кульматова Нурила жетектейт. Керектүү окуу материалдар жана програмалар долбордун аягында акысыз берилген.
«ИПжБ» кафедрасынын материалдык-техникалык базасына төмөнкү аудиториялар бекитилген:
- – Компьтердик класс – 2/113 (компьютер-10, проектор-1, интерактивдик доска-1)
- – Компьютердик класс – 2/115 (компьютер-10)
- – Программалоо тилдери каанасы – биб/12(компьютер-10, проектор-1)
- – Практикалык каана – 2/101в(компьютер-10)
- – Роботехника жана программалоо каана – 3/214б каана
- – Компьютердик класс –ТК/110(компьютер-17)
- – Компьютердик класс –биб/101 (компьютер-14, проектор-1)
Кафедранын материалдык техникалык базасы, заманбап компьютердик класстар менен жабдылган.
Кафедранын документтери:
- Абитуриенттер боюнча маалымат
- Адистиктердин окуу планы
- Ата-энелер чогулушунун протоколу
- Бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат
- Илимий изилдөө иш планы
- ИПжБ кафедрасынын окутуучуларынын илимий макалалары
- ИПжБ кафедрасынын окутуучуларынын квалификаясын жогорулатуу
- Иш берүүчүлөр менен жыйналыштын протоколу
- Окутуунун жыйынтыгы (ПИ, ПКС, ПОВТАС, ССиСК тайпалары үчүн)
- Кафедранын иш планы
- Келишимдер
- Компетенциялар
- НББП ПИ адистиги
- НББП ПКС адистиги
- НББП ПОВТАС адистиги
- НББП ССиСК адистиги
- Окутуунун максаты (ПИ, ПКС, ПОВТАС, ССиСК тайпалары үчүн)
- Робототехника кружогунун иш планы
- Кафедранын буклети
- Баалоо АСОИиУ адистиги 2024
«ИПжБ» кафедрасынын курамы:
Арзыбаева Менди Абдисалимовна – кафедра башчы, ага окутуучу, э.и.к.
Телефон: 03222 4-38-83, 0773(0703)462519, mendi_250977@mail.ru
Аттокурова Зинаида Манасовна – ага окутуучу, магистр
Телефон: 0773129474, attokurova_zina@mail.ru
Абдакимова Гулсара Кутбиллаевна – окутуучу, магистр
Телефон: 0773 83 66 98, agulsara88@mail.ru
Адылбекова Нурийла Адылбековна – окутуучу
Телефон: 0773 90 33 03, nurka0591@mail.ru
Алдосова Азиза Жээнбековна – окутуучу, магистр
Телефон: 0709 344 303, azikaaldosova@gmail.com
Борончуева Айнагул Ыдырысовна – окутуучу, магистр
Телефон: 0772 13 19 82, ainagul.8282@bk.ru
Базарбай кызы Гулнура – окутуучу
Телефон: 0553 02 11 91, bgulnur@bk.ru
Жолдошова Чынара Камчыбековна – окутуучу, магистр
Телефон: 0772 73 40 03, chjoldoshova83@gmail.com
Закирова Динара Абдраимова – ага окутуучу, магистр
Телефон: 0773 51 60 40, anid_0808@mail.ru
Касымбекова Чынара Маматкалыковна – окутуучу
Телефон: 0779 36 53 40, gymchandi.kalykova.88@mail.ru
Кульматова Нурила Абдимиталовна – окутуучу
Телефон: 0778 29 21 78, nurila.ka@bk.ru
Мусаева Роза Эсеновна – окутуучу, магистр
Телефон: 0770 26 85 00, rmusaeva80@mail.ru:
Мукамидин кызы Ноорузгул – окутуучу
Телефон: 0772 33 39 83, super-18-90@mail.ru
Нышанова Алтынай Сыдыковна – окутуучу, магистр
Телефон: 0779365669, anyshanova@mail.ru
Оморова Салтанат Торонбековна – ага окутуучу, магистр
Телефон: 0777 15 05 09, omorova_st@mail.ru
Тажиева Махабат Байышевна – окутуучу, магистр
Телефон: 0773 63 03 65, tajieva_m@mail.ru
Ташибеков Тариэл Чубакович – окутуучу
Телефон: 0778 70 78 78
Умурзакова Рахима Абдимиталовна – окутуучу, магистр
Телефон: 0773 05 24 75, umurzakova_rahima@bk.ru
Кафедранын ишмердүүлүгүн өткөргөн иш чаралар менен кеӊири ОшТУнун социалдык баракчасынан жана официалдык сайтына жайгашкан, төмөндөгү ссылкалар менен жакындан танышсаӊыздар болот:
9.https://www.facebook.com/groups/elba.erasmus/permalink/819967686076144/?mibextid=Nif5oz
10.https://www.facebook.com/groups/elba.erasmus/permalink/666951421377772/?mibextid=Nif5oz