Ош технологиялык университетинде эмгектенген окутуучулар жана кызматкерлер үчүн акысыз медициналык кароо өткөрүлдү.
Иш-чара Медицина бөлүмүнүн башчысы Жээналиева Нурзиданын уюштуруусунда, Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлеринин катышуусу менен өткөрүлдү. Кароонун жүрүшүндө университеттин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттер толук медициналык текшерүүдөн өтүштү.
Ошондой эле катышуучуларга В гепатити, С гепатити жана D гепатитине каршы акысыз вакцинация жана лабораториялык анализдер жүргүзүлдү. Каалоочулар өз ыктыяры менен келип, вакцина алып, тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүштү.
Мындай иш-чаралар университет жамаатынын ден соолугун чыңдоого жана оорулардын алдын алууга багытталган.