2026-жылдын 10–11-апрель күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы Ташкент колдонмо илимдер университетинде «Колдонмо илимдер тармагында жасалма интеллектти колдонуудагы заманбап тенденциялар, көйгөйлөр жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү.
Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин Компьютердик жана санариптик технологиялар предметтик-циклдик бирикмесинин окутуучулары М. Атамкулова жана К. Шайлиева катышышты.
Конференциянын алкагында техника илимдеринин кандидаты, доцент М. Атамкулова «Жасалма интеллекттин жардамы менен спорттук жыйынтыктар боюнча маалыматтарды изилдөө жана талдоо жүргүзүү аркылуу командалардын ийгилигине таасир эткен негизги факторлорду аныктоо» темасында баяндама жасады.
Ошондой эле иш сапарынын жүрүшүндө Ташкент колдонмо илимдер университетинин педагогика жана психология факультетинде конок лекциялар өткөрүлдү. Анда «Бүгүнкү күндө жасалма интеллекттин орду» жана «Билим берүү процессинде заманбап компьютердик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү» аттуу темалар кеңири баяндалды.
Жыйынтыгында, мындай эл аралык иш-чараларга катышуу тажрыйба алмашууга, илимий байланыштарды чыңдоого жана билим берүү процессине инновациялык ыкмаларды киргизүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.