2026-жылдын 14-апрелинде Ош технологиялык университетинде Экономика жана башкаруу институтунун Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын адистери менен биргеликте «Салыктык эсепке алууну жана электрондук отчеттуулукту өркүндөтүү маселелери» аталышындагы практикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик салык кызматынын адистери, институттун профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар, докторанттар жана студенттер катышышты.
Семинарды Экономика жана башкаруу институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Хамзаева ачып берип, заманбап шарттарда салыктык эсепке алуунун ролу жана мааниси тууралуу токтолду. Ошондой эле Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Канжарбек Мамашов сөз сүйлөп, иш-чаранын практикалык маанисин белгиледи.
Семинардын алкагында төмөнкү темалар боюнча баяндама жасалды:
– «Салык кызматынын жетишкендиктери жана заманбап шарттарда салыктык эсепке алуу жана электрондук отчеттуулук» — МСКнын Борбордук аппаратынын Маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Абдырай уулу Асылбек;
– «Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун маанилүүлүгү жана көйгөйлөрү» — МСКнын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын Түштүк региону боюнча инспекторлору Амиркулов Азим Орозалиевич жана Курманалиев Темирбек Камытбекович;
– «Мүлк салыгынын эсеби жана чогултулушу. Камсыздандыруу төгүмдөрү (тарифтери)» — аталган башкармалыктын инспекторлору Таштанбеков Кадырбек Болотбекович, Касымов Мунарбек Раимбердиевич жана Турдукулов Нурбек Жамалидинович.
Семинар интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго адистер кеңири жооп беришти.
Мындай иш-чаралар студенттердин жана жаш адистердин практикалык билимдерин тереңдетүүгө, ошондой эле салыктык эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.