Ош технологиялык университетинин Индустриалдык-педагогикалык институтунун бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүү аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Бул күн — талыкпаган эмгектин жыйынтыгы, үмүт менен куралган келечектин башталышы!
Билим алып, кесипке ээ болуп, чоң турмушка кадам таштаган бүтүрүүчүлөрдү узатуу максатында окуу жайдын жалпы жамааты тарабынан өзгөчө майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чараны ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору
У.Ж. Мамытов ачып берип, бүтүрүүчүлөргө ак жол тиледи. Ал бүтүрүүчүлөрдү университеттин жүзү, үмүтү жана сыймыгы катары баалап, алар өлкөнүн бардык аймактарында ОшТУнун атын бийик көтөрүшөт деген ишенимин билдирди.
Институттун директору У.К. Абдалиев куттуктоо сөзүндө студенттердин жетишкен ийгиликтерин белгилеп,
коомдук ишмердүүлүктө активдүү, үлгүлүү студенттерге Ардак грамоталар, ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Ошондой эле окуусун артыкчылык менен бүтүргөн жаштар өзгөчө сыйлыктар менен сыйланышты.
Майрамдык салтанат шаңдуу музыка, ыр-бийлер менен коштолуп, өзгөчө атмосферада өттү. Бул күнү бүтүрүүчүлөр көздөрүндө толкундануу, жүрөктөрүндө үмүт менен өз өмүр жолун башташты.
Бул иш-чаранын башкы максаты – жаштарды коомдо өз ордун табууга, өз кесибин сүйүүгө жана мекенге ак кызмат кылууга чакыруу болду.
ОшТУ жамааты бардык бүтүрүүчүлөрдү чын дилинен куттуктап, жаркын келечек, зор ийгиликтерди каалайт!