ОшТУда гуманитардык-технологиялык колледжинин гуманитардык-педагогика жана IT технологиялар бөлүмүнүн ПНК-2-24 (9) тайпасы тарабынан “Энелер – дүйнөнүн керемети!” аттуу концерттик программа жана ата-энелер чогулушу ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге эненин үй-бүлөдөгү, коомдогу орду жана түйшүгү тууралуу терең түшүнүк берүү, ошондой эле энелерге болгон ыраазычылык сезимин ойготуу болду. Концерттик программа жүрөккө жеткен ырлар, сахналаштыруулар жана куттуктоолор менен коштолду.
Иш-чарага бөлүм башчысы Г.А.Зикирова, окутуучулар, ата-энелер жана студенттер катышып, кубанычтуу маанайда өттү. Тайпанын куратору А.А.Омошова ата-энелер менен студенттердин билим деңгээли, жүрүм-туруму жана жетишкендиктери боюнча баарлашып, пикир алышуулар жүрдү.
Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин моралдык-адеп ахлактык баалуулуктарды калыптандыруусуна жана ата-эне менен билим берүү мекемесинин кызматташуусун бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.