ОшТУнун ректору Республикалык универсиаданын жогорку лигасында жеңиш менен келген студенттерди кабыл алып, дайыма окуу жайдын, өлкөнүн намысын бийик көтөргөн спортчулардын катарында болуусуна тилектештигин билдирип, ийгилиги менен куттуктады.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын жогоку кесиптик билим берүү уюмдарынын Универсиадасы Бишкек шаарында жогорку жана биринчи лигалар арасында 11-марттан 25-апрелге чейин спорт түрлөрү боюнча өткөрүлдү.
Ош технологиялык университети Универсиадага спорттун 7 түрүнөн катышып байгелүү орундарга жетишти.
Волейбол (кыздар) арасында мелдеште ОшТУнун курама командасы жогорку лигада ат салышып 12 команданын ичинен 4-орунга ээ болушту.
Волейбол (балдар) командасы биринчи лигада ат салышып байгелүү 2-орунга ээ болушту. Экинчи даражадагы диплом, кубок менен сыйланышты.
Жеңил атлетика боюнча ОшТУнун курама командасы биринчи лигада жалпы командалык 485 упай топтоп 1-орунга ээ болушту. Биринчи даражадагы диплом, кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Жеңил атлетика түрлөрү боюнча орундар:
100 метр аралыкка чуркоо боюнча Абдулазизов Рустамбек 3-орун.
200 метр аралыкка чуркоо боюнча Абдулазизов Рустамбек 1-орун.
200 метр аралыкка чуркоо боюнча Аманов Нурмамат 3-орун.
400 метр аралыкка чуркоо боюнча Мамиридинова Мунара 1-орун.
400 метр аралыкка чуркоо боюнча Коконова Асема 3-орун
400 метр аралыкка чуркоо боюнча Аманов Нурмамат 2-орун
800 метр аралыкка чуркоо боюнча Мамиридинова Мунара 1-орун
800 метр аралыкка чуркоо боюнча Баева Мадина 2-орун
800 метр аралыкка чуркоо боюнча Абдиманапов Адахан 2-орун.
1500 метр аралыкка чуркоо боюнча Баева Мадина 1-орун.
1500 метр аралыкка чуркоо боюнча Абдиманапов Адахан 1-орун.
1500 метр аралыкка чуркоо боюнча Арстанов Эрлан 2-орун.
Эстафета 4х100 метр кыздар арасында 2-орун (Коконова Асема, Сарыбаева Акылай, Баева Мадина, Мамиридинова Мунара).
Эстафета 4х100 метр балдар арасында 1-орун (Абдулазизов Рустамбек, Аманов Нурмамат, Абдиманапов Адахан, Коргонбаев Кутман).
Узундукка чуркап келип секирүү боюнча Коргонбаев Кутман 1-орун.
Узундукка чуркап келип секирүү боюнча Байышов Асамидин 3-орун.