ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик тил ПЦБнын кыргыз тили жана адабияты окутуучусу Надилбек кызы Бегимай Ош мамлекеттик университетин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган “Кыргыз тили жана адабиятын окутууда актуалдуу маселелер” аттуу эл аралык педагогикалык окууга катышып, “Окутуунун интерактивдүү усулдары, 4К көндүмүн калыптандыруу” деген темада мугалимдерге семинар өтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, ыраазычылык катка ээ болду.
Иш-чаранын максаты: Кыргыз тили жана адабияты сабагын окутуулушунун азыркы абалын талдоо, көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө, ошондой эле, окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мамлекеттик билим берүү стандартына ылайыктуулугун талдоо;
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга багытталган.