Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде менеджмент дисциплинасы боюнча эл аралык олимпиада уюштурулду.
Аталган олимпиадада Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунун логистика жана менеджмент багытында окуган студенттерден куралган команда катышып, 12 жогорку окуу жайдын арасынан 3-орунду багындырды.
Студенттерди менеджмент, логистика жана туризм кафедрасынын окутуучусу Тарыкчиев З.М. даярдаган.
Ийгиликке жеткен студенттерибизди ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, алардын мындан ары дагы мыкты жетикендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирип, окууларына ийгликтерди каалады.
Студенттерибиздин мындан аркы иштерине ийгилик каалап, жакшы ийгиликтерди жаратууларына тилектешпиз!