24-март Элдик революция күнүнүн 20 жылдыгына жана 7- апрель Элдик апрель революциясынын 15 жылдыгына карата Ош технологиялык университетинде табигый-гуманитардык илимдер борборунун коомдук илимдер кафедрасы тарабынан “Адилеттүүлүк баарынан бийик” аттуу илимий семинар уюштурулду.
Илимий семинарда ОшМУнун доценти, тарых илимдеринин доктору Ч.Т. Сатыбалдиева, апрель революциясынын баатыры т.и.к., доцент С. М.Осмонов жана доцент Г.К.Бекмурзаевалар илимий баяндама жасашты.
Илимий семинарды ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректору, а.ч.и.д., доцент Н.Т.Танаков ачып, семинардын ишине ийгиликтерди каалады. Илим бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.Исраилова да илимий баяндамачыларга ийгилик каалап ыраазычылык билдирди. Илимий семинарга институттардын студенттери, окутуучулары жана магистранттары катышты.
Илимий баяндамалар кызыктуу жана мазмундуу болуп, суроо-жооптор менен толукталды.