Ош технологиялык университетинде “ОшТУ мырзасы 2025” жигиттер сынагы өткөрүлүп, бул сынакка ар бир институт жана гуманитардык-технологиялык колледжден жалпы сегиз жигит күч сынашышты.
Аталган иш-чара жаштар комитети тарабынан жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, көрүүчүлөрдүн маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.
Конкурстун шартына ылайык жигиттерге улуттук жана классикалык баалуулуктар каралаган ар кандай шарттар коюлду. Мырзалар сахнада өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, сынакка коюлган бардык шарттарды аткарышты.
Конкурс калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында, баш байгеге инновациялык маалымат технологиялар институтунун мырзасы Кылымбек Турдалиев ээ болуп, “ОшТУ мырзасы” аталды. Ташкент шаарына эс алууга жолдомонун ээси болду. Ошондой эле “Ош шаарынын мырзасы” конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Биринчи орунга энергетика жана транспорт институтунун мырзасы Нурболот Исламбек уулу, экинчи орунга экономика жана башкаруу институтунун мырзасы Ариет Абытов, үчүнчү орунга индустриалдык-педагогикалык институтунун мырзасы Баяман Орунбаев ээ болушту.
Жеңүүчүлөр университет жетекчилиги жана Ош шаардык Жаштар комитети тарабынан диплом, акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.