Ош технологиялык университетинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияны алдын алуу жана жоюу маселеси боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга УКМКнын кызматкерлери, университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер катышты.
Иш-чарада УКМК кызматкерлери катышуучуларга коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларындагы беренелерге өзгөртүүлөр киргендигин жана мындан ары укук коргоо органдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы аёосуз күрөшкө багыт алгандыгы тууралуу кеңири маалымат берди. Бул менен бирге окуу жайда коррупциялык иштерди болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.