Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган “Жыл мыктылары 2024” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Ош шаарынын коомдук турмушуна активдүү катышып, жаштар саясатынын өсүшүнө кошкон салымы жана жетишкендиктери үчүн Ош технологиялык университетинин Жаштар комитетинин төрагасы Кадырбеков Элтуран “Мыкты жаш активист мырза” номинациясына, архитектура жана курулуш институтунун студенти Жолдошбаев Батый “Мыкты студент” номинациясына ээ болушту.
Конкурстун катышуучулары социалдык тармак аркылуу сунушталып, андан соң эң көп добуш алгандарынын жыл ичиндеги жетишкендиги, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымына байкоо жүргүзүлгөн.
Сыйлык ээлерин алган сыйлыгы менен куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!
⠀ Ош технологиялык университетинин жалпы жамааты.