Ош технологиялык университетинин архитектура жана курулуш институтунун директору т.и.к., доцент Шабданов Муса Добулович, сызма геометерия жана графикалык дизайн кафедрасынын башчысы, доцент Токтосунов Алмазбек Аскерович окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде Термез мамлекеттик инженердик жана айыл чарба технологиялар университетинде болушту. Мында Термез мамлекеттик инженердик жана айыл чарба технологиялар университетинин архитектура жана курулуш факультетинин студенттерине лекция окушуп, сабактарын өтүшүүдө.
Биздин университетет тарабынан бир топ жылдан бери академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн бир канча алыскы жана жакынкы өлкөлөрүнө студенттер жана профессордук-окутуучулук курам жөнөтүлүп турат. Бул иш-аракеттин алкагында башка өлкөлөрдөн дагы биздин окуу жайга студенттер менен биргеликте окутуучулар дагы келип, тажрыйба алмашып турушат. Ал эми коңшулаш Өзбекстан мамлекети менен ар тараптуу кызматташууда буга чейин дагы көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп келген.