ОшТУнун индустриалдык-педагогикалык институтунун компьютердик лингвистика кафедрасында “Writing a research paper ( Илимий ишти жазуу)” деген темада илимий-практикалык семинар болуп өттү. Семинарга компьютердик лингвистика кафедрасынын окутуучулары, бүтүрүүчү курстары, гуманитардык-технологиялык колледждин дүйнөлүк тилдер предметтик бирикмесинин окутуучулары катышышты. Илимий –практикалык семинарды институттун директору У.К.Абдалиев ачып берди. Семинарда фулбрайт программасы боюнча келген окутуучу-волонтер Семуел Ерик Алкуист баяндама жасады.
Семинардын максаты илимий ишке туура тема тандоо, кантип жазуу керек, илимий иштин түзүлүшү, жазуу этаптары, методологиясы жана булактарын туура колдонуу боюнча жаш илим изилдөчүлөргө багыт берүү болуп саналат.
Илимий-практикалык семинар мазмундуу, жемиштүү (мисалдар, суроолор менен коштолду) жана пайдалуу болду. Катышуучулар бул семинардын улантууну сунушташты