Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин гуманитардык-педагогикалык жана IT технологиялар бөлүмүнүн IT технологиялар предметтик-циклдик бирикмесинде окуган студенттердин ата-энелери менен окуу жай жамаатынын жолугушуусу болуп өттү.
Алгач ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов сөз сүйлөп, окуу процессин алдыга жылуусуна, окууга катышууга, тазалык, тартип, тарбия иштеринде ата-энелердин көмөгү эң маанилүү экенин баса белгиледи.
Аталган иш-чара IT технологиялар предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага университеттин жетекчилиги, окутуучулар, ата-энелер жана студенттер катышты.
Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык барактар берилди. Ата-энелер тарабынан суроолор берилип, каалоо тилектер айтылды.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара студенттердин билим алуусу үчүн шарт түзүп берип жаткан ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу, алардын сунуш-пикирлерин угуу, студенттердин татыктуу адис болуп чыгуусуна өбөлгө түзүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.