Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин окутуучулары Ысламов Мухаммедсадык менен Жаанбаева Айгерим Москва шаарында өткөрүлгөн “Новое поколение” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышышты.
Иш-чаранын алкагында Ярослав Мудров атындагы Новгород мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн “Новое поколение” аттуу 10 күндүк илимий стажировкадан өтүп келишти. Стажировканын жүрүшүндө Россия илимий фондуна (РНФ “Искусственный интеллекттин жардамы менен энерго системадагы авариялардын алдын алуу” деген темада илимий долбоор сунушташты.