Ош технологиялык университетинин табигый техникалык факультети тарабынан “Бала жылмайса аалам жылмаят” аттуу кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Бул Акцияда Ош шаарындагы “Алтын уя” балдар үйүнө барып, балдарга арналган белектерин тапшырып алар менен чогу убактыларын өткөрүп, кызыктуу оюндарды ойношуп балдардын көңүлдөрүн алышты.
Акцияга университет тарабынан жардам көрсөтүлдү.
Факультет бул акцияга жардам берген жана активдүү катышкан мугалимдерге, студенттерге жалпы эле окуу жайдын жамаатына ыраазычылык билдиришет.
ОшТУда Лиссабон университетинин профессору эл аралык семинар өттү
Ош технологиялык университетинде Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан ишке ашырылып жаткан Эразмус+ долбоорунун алкагында Португалиянын ТОП 500гө кирген...











