Ош технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасы тарабынан Тоолуу аймактардын декарбонизациясынын жана климатынын өзгөрүшүнүн митигациясынын перспективаларына арналган «Жаш дизайнер-2024» аталышындагы жогорку, орто кесиптик жана мектеп окуу жайлардын арасында сынак өткөрүлдү. Мында катышуучулар тарабынан даярдалган костюм дизайны жана колдонмо жана графикалык дизайн багыттары боюнча кийимдердин коллекциялары көрсөтүлдү.
Костюм дизайны багыты төмөнкү номинациялар боюнча бааланды:
1. “Этно-микс” – ар кайсы өлкөнүн элдеринин кийимдеринин негизиндеги коллекция, ошондой эле улуттук кийимдердин заманбап интерпретациясы;
2. “Шаардык стиль” – шаар үчүн кийимдер, дизайнер “prêt à porter”, сыртка чыгуу үчүн кийимдер, кечки гардероб;
3. “Эко дизайн” – климаттын өзгөрүшүнүн адам жашоосуна тийгизген таасирин чагылдырган «Авангард» стилиндеги кийимдер.
Графикалык жана колдонмо дизайн багыты боюнча төмөнкү номинациялар боюнча бааланды:
1. “Мода иллюстрациясы” – коллекциялык эскиздер, заманбап мода образдарынын жарнамалык плакаттары, мода коллаждары жана эскиздери, оригиналдуу графикалык көрсөтүү ыкмалары ж.б.
2. “Экология бүгүн” – сергек жашоо образынын визуалдык жарнамасы, айлана-чөйрөнүн булганышына каршы нааразылык жана заманбап коомдун башка социалдык көйгөйлөрүн чагылдыруу.
3. “Колдонмо дизайн” – керамика, текстиль, зергерчилик жана башка прикладдык буюмдарды түзүүгө байланышкан долбоорлор.
Жыйынтыгында сынактын бардык жеңүүчүлөрү жана катышуучулары демөөрчүлөр тарабынан дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Сынактын жеңүүчүлөрү алты номинация боюнча Гран-при жана I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
Иш-чаранын башкы демөөрчүсү жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын технопаркы.
Аталган конкурс Кыргызстанда мода индустриясын өнүктүрүү, дизайнерлердин, сүрөтчүлөрдүн жана студенттердин чыгармачылык өз ара аракеттенүүсү жана тажрыйба алмашуусу, студенттердин дизайнерлеринин мода коллекцияларын түзүү ыкмаларын практикалык жактан өздөштүрүү, сынактын жана көргөзмөнүн катышуучуларын жаш дизайнерлердин иштери менен тааныштыруу, дизайнер адистигин алуу маселелери боюнча жаштарга кесипке багыт берүү максатында өткөрүлдү.