Ош технологиялык университетинде кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин компьютердик лингвистика кафедрасы тарабынан “Immortality of the people – in its language (Элдин өлбөстүгү – анын тилинде)” аттуу адабий кече өткөрүлдү. Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Адабий кечеде студенттер Дж.Лондон, У.Шекспир, С.Есенин жана А.Осмоновдун өмүр баянынан, калеминен жаралган чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып, ыр саптарынан 3 тилде көркөм окушту.
Бул иш чаранын негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо, алардын англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүү, өздөрү окуп жатышкан тилдин өкүлдөрү болгон элдердин маданиятын, каада-салтын терең өздөштүрүүгө багыттоо болуп саналат. Анткени, биздин университет көп жылдардан бери компьютердик лингвистика багыты боюнча адистерди даярдап келет. Мында негизинен, англис тилинин грамматикасы окутулуп, бүгүнкү күндөгү техникалык жана технологиялык багыттагы бардык илимдердин дүйнөлүк тил болгон англис тилине туура жана так которулушунун эрежелери үйрөнүлөт.