Ош шаарынын жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден-соолук – 2023» спартакиадасы жүрүп жатат. ОшТУнун аялдар командасы волейбол оюну боюнча 40 жаштан жогорку оюнчулардын арасында 1-орунга ээ болду. Ал эми 40 жашка чейинки оюнчулар командасы 2-орунду камсыз кылышты.
«Ден-соолук – 2023» спартакиадасы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында иштеген кызматкерлери арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлөт.
Жеңүүчү командалар жай айларында жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүүчү республикалык мелдешке катышууга жолдомо алышат.