Табигый-техникалык факультетинин жаштар комитетинин уюштуруусу менен Ош шаарындагы тазалык кызматкерлери үчүн акция уюштурулду. Бул иш чарада аталган факультеттин студенттери шаардын тазалыгын караган кызматкерлерге ысык чай, кофе жана таттууларды таратышты.
Акциянын негизги максаты түйшүгү көп кызматкерлердин көңүлүн көтөрүп, алардын эмгегин баалоо, адамдарды жашаган жерин таза кармоого үндөө жана жаштарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакыруу болуп эсептелет. Табигый-техникалык факультетинде билим алып жатышкан активист студенттер өздөрүнүн демилгеси менен акча каражатын чогултушуп, аз да болсо тазалык кызматкерлерине жагымдуу маанай тартуулашты.
Жакшылык жасоо, кимдир бирөөгө жагымдуу маанай тартуулоо үчүн сөзсүз эле акчасы көп бай, же болбосо бир жерде чоң кызматкер болуу керек эмес. Жөн гана ыймандуу, боорукер жүрөк керек. Жаштардын бүгүнкү жагымдуу иш чарасы келечекте бир өлкөнүн жана улуттун өнүгүшүндөгү эбегейсиз зор жеңиштин башаты болуп калат.