Китепкананын тарыхы
ОшТУнун китепканасы окуу жай негизделгенден баштап, 1963-жылдан тарта иштеп келет. Ош технологиялык университетинин тарыхы 1963-жылы Фрунзе политехникалык институтунун жалпы техникалык факультетинин базасында атайын бир бөлүм болуп ачылуу менен башталып, быйылкы жылы 60 жашка толду.
Университеттин китепканасы окуу процессин жана илимий изилдөөлөрдү камсыз кылуучу негизги маалымат булагы болуп саналат. Университеттин китепканасынын фондусу инвентаризациялык журналдарга кайра жазылып, алфавиттик, системалык жана жумушчу каталогдор түзүлгөн. 1998-2004-жылдары чейин Д.М.Момунова, 2004-2005-жылдары Ч.Азизбекова, 2004-2022-жылдары А.Т.Кушбакова китепкананын директору болуп иштеген. Бул жылдардын ичинде китепкана фондусу окуу китептери, илимий-методикалык колдонмолор, диссертациялар, сөздүктөр жана башка китептер менен толукталып, алардын жалпы саны 79 миңден ашкан.
2022-жылдан тарта китепканага директор болуп Курбанбай кызы Акмангүл дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Учурда техникалык билим берүүнү маалыматташтыруу, маалыматтык ресурстардын жеткиликтүүлүгү жагынан билимди жана илимди маалыматтык камсыздоону камсыз кылуу багытында (илимий жана электрондук китепкана негизделүүдө) иш алынып барылууда. Китепкананын ишинин тейлөө системасын, окурмандарды тейлөө каражаттарын жакшыртуу, маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө багыт алууда.
Университеттин китеп фондунда энергетика, машина куруу, автомобиль куруу, компьютердик технологиялар, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, табигый жана гуманитардык илимдер боюнча ата мекендик жана чет элдик адабияттар жыйнактары бар.
ОшТУнун китепканасында 1 электрондук, 1 илимий, 1 абонемент, 1 чет тилдер боюнча усулдук каана жана 108 орундуу 3 окуу залында, 12 тажрыйбалуу кызматкерлери студенттерге, аспиранттарга, магистранттарга жана башка окурмандарга кызмат көрсөтүүдө. Китепкананын жалпы аянты 1502 кв.м.
Миссиясы
Ош технологиялык университетинин китепканасы окуу жай ачылгандан тарта 1963 – жылы ачылып, университеттин жамаатынын, аспиранттардын, магистрлердин жана студеттердин маалыматтык муктаждыктарын канаттандырып келүүдө.
Университеттин китепканасы өзүнүн өнөктөштөрүн инновациялык китепкана менен камсыздоо жана жаңыча кызмат көрсөтүү максатында университеттеги илимдин жана билимдин сапатын жогорулатууга көмөктөшүү өзүнүн негизги миссиясы деп белгилейт.
Негизги максаттары
Университеттеги бардык бөлүмдөрүнөгү факультеттер, колледждер жана илим изилдөөчү бөлүмдөрү менен биргелешкен аракеттердин натыйжасында, маалыматтык китепкананы калыптандыруу жана замандын талабына ылайыктуу өнүктүрүү. Китепкананын өнүгүүсү негизги илимий ресурстук борбор катары изилдөөчүлөргө, окутуучуларга жана студенттерге кепилдик берип, аларды зарыл болгон маалыматтар менен камсыздоо.
Университеттеги окутуучу-профессордук курам жана изилдөөчүлөр үчүн заманбап маалыматтык продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүп чыгуу жана сунуштоо; Илимий китепкананын бардык ресурстарына жана Ош технологиялык университетинин басылмаларына дүйнөлүк маалыматтык чөйрөдө мүмкүнчүлүк жаратып берүүгө шарт түзүү.
Маалыматтык маданияттын өнүгүшүнө көмөктөшүү жана студенттердин, аспиранттардын, окутуучулардын изилденүү компетенттүүлүгүн жакшыртууга шарт түзүү.
Ачык инновацияда болуу. Кыргызстандагы окуу жайларындагы китепкана коомчулугу менен кесиптик тажрыйбаларды бөлүшүү.
Ош технологиялык университетинин китепканасындагы китептердин топтомун жана алардын дүйнөлүк маалымат чөлкөмүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн кийинки муунга жаратып берүүнү камсыздоо.
Ош технологиялык университетинин китепканасынын кызматкерлери:
Курбанбай кызы Акмангул – Ош технологиялык университетинин китепканасынын директору
Байланыш телефону: 996772686555, akmangul18@gmail.com
Салиева Гүлсана Сартбаевна – башкы китепканачы
Байланыш телефон: +996550240634
Акбаралиева Клара – китепканачы
Байланыш телефон: +996770303033
Акматова Арзикан – китепканачы
Байланыш телефон: +996553180900
Байназарова Айгулай – китепканачы
Байланыш телефон: +996777201078
Жусупова Гулзад – китепканачы
Байланыш телефон: +996778399707
Кушубакова Алмакан – китепканачы
Байланыш телефон: +996555865910
Кедейбаева Акмарал – китепканачы
Байланыш телефон: +996772650128
Осмонова Түрсүн – китепканачы
Байланыш телефон: +996776434315
Салиева Айтбүл – китепканачы
Байланыш телефон: +996556422369
Султанбекова Чынара –китепканачы
Байланыш телефон: +996778486329
Туякова Турсунай – китепканачы
Байланыш телефон: +996704631613
Турдиев Самат – инженер программист
Байланыш телефон: +996551532003, turduev.samat.qa@gmail.com