Балтика мамлекеттик техникалык университетинин Россиянын чет мамлекеттерде билим берүү концорциуму долбоорлорун башкаруу борборунун директору к. т. н. доцент Киреев Олег Леонидович биздин университетке келди. О. Л. Киреевди ОшТУнун ретору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып буга чейин эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу пикир алышты.
Эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында келечекте академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, эл аралык илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатындагы иш чараларды өткөрүү тууралуу макулдашты.