Ош технологиялык университетинде Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата жарыяланган «Мамлекеттик тилдин коомдогу орду» аталышында кыргыз тилин даңазалаган мыкты видеоролик сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул иш чаранын негизги максаты Мамлекеттик тилди даңазалоого, Кыргыз мамлекетинде кыргыз тилинде сүйлөөгө, эне тилди кадырлоого, улуттук тил катары баалоого жана мамлекеттик тилдин маани-маңызын түшүнүүгө чакыруу болуп саналат. Сынакка окуу жайдагы бардык факультеттердин, гуманитардык-технологиялык колледждин жана Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттери катышып, сынактын шарттарынын негизинде өздөрүнүн чыгармачылыктары менен даярдаган видероликтерин көрсөтүштү. Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Зулпуев Ашым Зулпуевич бул иш чаранын жүрүшү жаштарыбызды эне тилибизди баалоого эң жакшы түрткү болуп, келечекте өз элинин патриоту болууга чакыраарын белгиледи.
Сынактын жыйынтыгында биринчи орунду экономика жина башкаруу факультетинин ФК-1-19 тайпасынын студенти Курванбеков Толкун;
2-орунду бухгалтердик эсеп жана аудит -1-20 тайпасынын студенттери;
3-орунду гуманитардык – технологиялык колледжинин ПКС-1-22 тайпасынын студенттери Камалова Жаркынай, Султанова Перизат, Ысманова Нуриза жана Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун ЭБ-20 тайпасынын студенти Толонбаева Айназик камсыз кылышты.
Кызыктыруучу сыйлыктарга архитектура жана курулуш факультетинин жаштар командасы, табигый-техникалык факультетинин жаштар командасы жана гуманитардык-технологиялык колледжинин ЗЧС-1-20 тайпасынын студенти Микенов Канимет ээ болушту.
Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили –кыргыз тили бардык мекеме-ишканаларында, уюмдарда, билим берүүдө, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекеттик, өкмөттүк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарында, транспортто, соода-сатык, саламаттыкты сактоо, тейлөө ишканаларында колдонулат.