Ош улуттук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда Кыргыз Республикасынын спортунун 100 жылдык мааракеси, 6-апрель дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чарада сыйлоо аземи жана концерттик программа уюштурулду.
Салтанаттуу сыйлоо аземинде Ош технологиялык университети дагы сыйланды.
ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаевге спортко кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Токтоналиев Самат Садыкович агенттиктин Ардак грамотасын тапшырды.
Ошондой эле, ОшТУнун төмөнкү окутуучулары Т.Бөжөков, С.Нарматов, Д.Акыев, К.Бакиров Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
2024-жылдын жыйынтыгы менен стол тенниси боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу Каримов Акылбек, Гаипов Элдияр 2024-жылдын мыкты спортчусу төш белгиси менен сыйланышты.