Ош технологиялык университетинин Аспирантура жана докторантура бөлүмү аспирантураны бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшырды.
Сертификаттарды расмий түрдө ОшТУнун кезектеги административдик кеңешинде ректор Жанболот Турсунбаев тапшырып, жаш окумуштуулардын илим изилдөө, билим берүү ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Аталган сертификат илим изилдөөгө багыт алган илимий кызматкерлердин, окутуучулардын, каалоочулардын аспирантураны аяктагандыгын тастыктайт.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин талабына ылайык илим изилдөөнү каалаган ар бир адам аспирантураны сөзсүз окуп, толук курсту бүтүрүү керек. Биздин окуу жайдын Аспирантура жана докторантура бөлүмүндө билим алгандарга дагы ошол тастыктоочу сертификат берилди.