Түркия Республикасындагы Кастамону университетинин экономика жана административдик илимдер факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор Орхан Кандемир ОшТУнун экономика жана башкаруу институтунун окутуучуларына лекция окуду.
Иш-чара Эразмус+ долбоорунун алкагында бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан уюштурулуп, аталган долбоор кафедра тарабынан ишке ашырылып жатат.
Ош технологиялык университети менен Кастамону университети буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.