Бүгүн эки тараптуу эл аралык кызматташуу келишимдердин алкагында Ош технологиялык университетине Өзбекстан Республикасындагы Андижан мамлекеттик техникалык университети менен Андижан экономика жана педагогика университетинин окутуучулары келишти.
Кошуна өлкөдөн келген окутуучулар – транспорт логистикасы, курулуш инженериясы, механика, экономика, архитектура, педагогика багыттары боюнча 144 академиялык сааттык квалификацияны жогорулатуучу курстан өтүшөт. Аларды Ош технологиялык университетинин тажрыйбалуу алдыңкы окумуштуулары окутушат.