Ош технологиялык университетинде дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан 21-февраль – бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнүн урматына арналган “Эне тил -улуттун жан дүйнөсү” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка университеттин жетекчилиги, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.
Иш-чарада университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов кеченин катышуучуларын “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” менен куттуктады. Ошондой эле, мамлекеттик тил боюнча проректор А. З. Зулпуев университеттеги мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүүдө көптөгөн иштер аткарылгандыгын белгилөө менен учурдагы окуу жайдагы кыргыз тилинин абалы жөнүндө маалымат берди.
Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Николаевич билим берүү, илим жана маданий тармакта ОшТУ менен кызматташып келгенин айтып, окуу жайга бир нече китептерди белек кылып тапшырды.
Мамлекеттик тил, орус тили жана славян маданияты, америка маалымат-ресурстук, корей тил жана кытай тил борборлорунда окуп, тилдерди үйрөнүп жаткан студенттердин катышуусундагы майрамдык кечеде ар улуттун ырлары жаңырып, бий менен коштолгон музыкалык чыгармалар катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Студенттер өздөрү үйрөнүп жаткан тилдерди даңазалоо максатында ар улуттун маданиятын, тилин, улуттук баалуулуктарын көрсөтүп, ыр-бийлерди, интерактивдик оюн, юмор жана башка кызыктуу номерлерди аткарышты.
Жыйынтыгында иш-чарага активдүү катышкан студенттер сыйланды.