Ош технологиялык университетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын студенттери Ош шаарындагы «Барбол» кондитердик фабрикасында болушту. Мында студенттер кондитердик жана нан азыктарын өндүрүүгө багытталган жергиликтүү Ата мекендик өндүрүштүк компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Ошондой эле коопсуздук техникасы, продукцияны өндүрүү, азык-заттардын коопсуздугу, сактоо жана башка техникалык жараяндар менен кенен таанышып, теориядан алган билимдерин практикада бекемдешти.
Бул саамалыктын максаты иш берүүчүлөр менен кызматташууну бекемдөө, студенттерди өндүрүш менен тааныштыруу, алардын Ата мекендик адал азыктардын технологиясына болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Белгилей кетсек, Ош технологиялык университети «Барбол» кондитердик фабрикасы менен студенттерди практикага, стажировкага жана жумушка орноштуруу багытында активдүү кызматташып келет.