Сиздерди кирип келе жаткан 2025-Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Жаңы жыл – жаңы үмүттөрдүн, жаңы максаттардын, жаңы ийгиликтердин жана жетишкендиктердин мезгили.
Биз 2024-жылдагы жетишкендиктерибизге, ийгиликтерге кубанып, жасаган изги иштерге ыраазы болуп турган чагыбыз! Узап бара жаткан жыл окуу жайыбыз жана жалпы билим берүү үчүн тарыхый кадамдардын жылы болду.
Бул жыл биз үчүн жемиштүү, аракетке бай, жигердүү иштердин жылы болуп, бул убакыт аралыгында окуу жай көптөгөн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен ар тараптуу кызматташтуу тууралуу келишимдерди түздү. Академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча студенттерибиз чет өлкөлөрдөн билимдерин улантышып, профессордук-окутуучулук курам үчүн дагы тажрыйба топтоого жакшы шарттар түзүлүп, башка мамлекеттерге тынымсыз жөнөтүлдү. Окуу имаратынын башкы корпусу, студенттик жатакана жана спорттук аянтча толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бир нече меморандумга кол коюлуп, ар кандай эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда.
Учурдагы жалпы дүйнө коомчулугу коюп жаткан талаптарга жооп берүүдө Ош технологиялык университети да өзүнүн инженер-технологдорду, программист-экономисттерди, геологдорду, инженер-курулушчуларды, инженер-энергетиктерди ж. б. өндүрүштүн бардык тармактарындагы адистерди даярдоодогу потенциалын жогорулатты.
Учурда ОшТУнун бир нече студенти Корея Республикасындагы университеттерде гранттын негизинде өздөрү тандаган адистиктер боюнча окуп жатышат. Биздин студенттер Президенттик стипендиянын ээлери жана ошондой эле, Хакатон сынактарынын жана бир нече долбоорлордун жеңүүчүлөрү, “КМШнын мыкты студенти”, “Түрк элдеринин мыкты студенти”, “КРнын мыкты студенти” номинацияларынын ээлери жана башка студенттик олимпиадалардын, коомдук жана маданий иш-чаралардын, КВНдердин жеңүүчүлөрү болуп саналат. Университеттин мыкты окуган студенттери алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө стажировкдан өтүшүп, окуусун улантып жатышат.
Окуу жайда кубаттуулугу 4,5 кВттык күн электр станциясы, кубаттуулугу 4 кВаттык чакан гидроэлектростанциясы курулуп ишке берилди. Ошондой эле, күн казаны жасалып пайдаланууда. Мындан сырткары эмерек жасоочу цех ачылып, керектүү болгон заманбап жабдуулар жасалып, окуу жайды камсыздап жатат.
Университеттибиз эл аралык аккредитациядан 5 жылдык мөөнөткө ийгиликтүү өттү.
2024-жыл ичинде Ош технологиялык университетинин тажрыйбалуу илимпоз окутуучуларынын 45 окуу, илимий жана усулдук эмгектери жана монографиялары (илимий макалалардан сырткары) жарык көрдү. Бул илимпоз окутуучуларыбыздын эмгектери алдыңкы илимий изилдөөлөрдүн негизинде түзүлгөн сапаттуу окутуу процессин уюштурууга арналган.
“Известия ОшТУ” илимий журналынын жаңыланган электрондук версиясы иштелип чыгып, ишке киргизилди. Бул журнал технология багытына арналган өзгөчө басылма боло алат. Анткени эми журналдын өзүнүн сайты, DOI 10.70337 префикси болот. Баллдык көрсөткүчү жогорулап, ар бир макала өзүнчө жайгаштырылып, шилтеме берүүгө шарт түзүлдү.
SCOPUS басылмасына жолдомо алып, илимий иштерибизге талап пайда болду. 2024-жыл ичинде рейтинги жогору Scopus, Web of Science дүйнөлүк маалымат базалары тарабынан индекстелген илимий басылмаларда ОшТУда эмгектенген 37 илимпоз окутуучунун илимий макалалары жарык көрүп, илимий-изилдөө иштерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында илимий макалалардын авторлору акчалай сый акылар менен сыйланышты. ОшТУ бул илимпоз окутуучулардын эмгектери менен дүйнөлүк илимий коомго байланышып, дүйнөнүн алдыңкы илимий-изилдөө мейкиндигине чыкты жана стратегиялык байланыштарды түзүүгө, бекемдөөгө жол ачылды.
2024-жылдын ичинде Ош технологиялык университетинин окумуштуу окутуучуларынан 2 илимдин доктору, 5 илимдин кандидаты окумуштуулук даражага ээ дипломдорду алса, 4 окутуучу “доцент” окумуштуулук наамга ээ болушту. Окуу жайда илимдин доктору окумуштуулук даражага ээ болгондорго 80 миң сом, илимдин кандидаты окумуштуулук даражага ээ болгондорго 50 миң сомдон сый акы берүү ишке аша баштады.
Эл аралык билим берүү мейкиндигине кирүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасадык. Ош технологиялык университети КМШ жана Европа Биримдигиндеги өлкөлөр, Кытай, Түштүк Корея, Түркия, Индия, АКШ ж.б. мамлекеттердеги жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер менен өнөктөштүк мамилелерди курууга жетишип, тыгыз иштеди. Айрыкча, бул жылы глобалдашуунун шартында адам ресурстарын өнүктүрүүгө (бакалавр, магистратура, доктарантура, аспирантура боюнча) жана окумуштуу окутуучулардын билим берүү ресурстарын экспорттоого басым жасалды. Бул жылы ОшТУда 6 чет өлкөдөн студенттер окуп, алар жалпы студенттердин 30 пайыздан ашыгын түздү.Ал максатта окуу жайыбыз эл аралык институционалдык аккредитациядан өтүүгө жетишти. Кытайдын 300 млн.го жакын эл жашаган 3 провинциясында ОшТУнун расмий Өкүлчүлүктөрү ачылды. Алдыда жаңы милдеттер турат, алардын эң маанилүүсү – окуу жайыбызды мындан дагы жакшы жагына өнүктүрүү.
ОшТУда 2024-жылдын ичинде жалпысынан илимий жана кесиптик эл аралык (“Erasmus+” программасы, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун / GIZ/ долбоорлору, дөйнөлүк банктын долбоорлору, “CS-GBV Central Asia” долбоору ж. б.) 10 долбоор жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган 6 долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды.
Окуу жайдын материалдык-техникалык базасын өнүктөрүү максатында Кытай Эл Республикасынан жана Корея Республикасынан, Россия Федерациясынан инвестиция тартылып, окуу процессине пайдаланууга берилди.
Биз ынтымактуу жамаат менен жаратып жаткан ийгиликтерибизди татыктуу улантабыз деген ишенимдемин.
Мен жеке өзүмдүн атымдан Ош технологиялык университетинин жалпы эмгек жамаатына жалпыбыз көздөгөн иштерибиздин алдыга жылышы үчүн кылган аракеттери үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирип кетким келет.
Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер! Ардактуу студент достор!
Жаңы жыл сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы ачылыштарды алып келсин! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, тынчтык, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалаймын!
Келе жаткан Жаңы жыл Кыргызстаныбызда тынчтыктын, ынтымактын, биримдиктин, токчулуктун, бакубат жашоонун, ар тараптуу өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун! Элибиз бакубат жашоо кечирип, илим-билимдүү жаштарыбыздын катары өсүп, жаркын келечектин ээлери болушсун.
Сиздерди терең урматтоо менен,
ОшТУнун ректору Турсунбаев Жанболот Жанышович