Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында “Бухгалтердик эсеп жана аудит- учурдагы абалы жана өнүгүү перспективасы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган конференцияга Азербайжан, АКШ, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия Федерациясындагы бухгалтердик эсепти жөнгө салуучу уюмдар, бухгалтерлер, аудиторлор жана жогорку окуу жайлардын окумуштуулары катышты.
Конференцияга ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы э. и. к., доцент Мамашов Канжар Асилбекович баштаган делегация катышып, илимий баяндама жасап келишти.