ОшТУнун логистика, айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн технологиясы адистигинин студенттери менеджмент, логистика жана туризм кафедрасынын ага окутуучусу А.А.Орозалиеванын жетекчилиги астында Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Логистика тармагындагы лидер аялдарды колдоо» аттуу тегерек столго катышышты.
Иш-чарага логистика тармагындагы жеке секторлордун өкүлдөрү, министрликтер, жогорку окуу жайлардын студеттери жана окутуучулары катышты.
Тегерек столдун максаты жана милдети логистикада аялдардын лидерлик сапаттарынын маанилүүлүгүн баса белгилөө болуп саналат. Биздин студенттер кенен маалымат алып, тегерек столдун сынактарына активдүү катышып, сертификаттар менен сыйланышты.