Кымбаттуу апалар, бардык асылзат айымдар! Урматтуу биздин Ош технологиялык университетинде эмгектенип жаткан эжелер, карындаштар!
Сиздерди жаркыраган Жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Аялзат деген сөздүн ичинде канчалаган асыл ойлор, кереметтер камтылып турат. Аял-бул үй бүлөнүн куту, күч-кубаты, периштеси, кайгы-кубанычын тең бөлүшкөн мээримдүү, боорукер, акылдуу, сүйкүмдүү асыл зат. Баланын эң биринчи тарбиячысы, жол көрсөтүүчүсү, акыл насаатчысы бул-жалгыз гана апа.
Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат.
Ардактуу айымдар!
Турмуштун түйшүктүү сапарында үй-бүлө туткасын бекем кармоо менен өлкө келечеги үчүн жасап жаткан эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, жаштарга билим жана тарбия берүүдөгү сапарыңыздар байсалдуу болсун. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, улутубуздун учугун улаган улуу күчкө ээ болуп жүрө бериңиздер. Жаркыраган жаз жашооңуздарга жакшылык, бакыт жана ырыс-кут алып келсин!
Сиздерди терең урматтоо менен,
ОшТУнун ректору Турсунбаев Жанболот Жанышович